Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуБакай-Ата району 12.10.2018 13:22 Жаңыланды: 25.07.2019 18:14

Айыл турмушу: Кара-бууралык Жетимишбай ата 1,5 гектар какыр жердин таштарын терип, алма бакка айландырды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районундагы Бакайыр айылынын 66 жаштагы тургуну Үсөналиев Жетимишбай ата 24 жылдан бери багбанчылык менен алек болуп келет. Аймактык кабарчы багбан менен таанышты.

«Өзүм дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойдум. Атам дыйкан, ошол эле учурда чабан болуп иштеди. Апам саанчы болуп, кийин тамекиде иштеди. Көргөн-билгеним мал жана талаа жумуштары болду. Кийин өзүмө үлүш жер алдым. Анын жанында 1,5 гектар таштак жер пайдаланылбай турчу. Ошол жерди өзүмө таандык кылып, алма бак кылууну туура көрдүм. Бул жер таштак, өңгүл-дөңгүл, суу чыкпаган жер эле. Өздөштүрүлө электе адам көтөрө алгыс, салмагы 1 тоннага жакын чоң таштар бар эле. Алардын барын техника менен ташып, майдаларын кол менен терип чыктык. 7 жыл ичинде таштак жерди өздөштүрүп, алма тиктим. 1994-жылдан бери багбанчылык кылып келгем.

Эч ким пайдаланбаган таштак жерди өздөштүрүп, көркүнө чыгарып баштаганда талашкан адамдар көп болду. Бирок кылган мээнетим жеңип, азыр түшүмүн алып жатам. Азыркы учурда жалпы 512 түп алма көчөт бар. Булардын баары кышкы алмалар, жаз айларына чейин сакталып турат. Ар бир көчөттү 80 сомдон алып келип отургузгам. 2 жылдан бери акырындык менен түшүм берип жатат. Быйыл 1 тоннага жакын түшүм алдым. Бул алма бакты неберелериме деп отургуздум.

Багбанчылыктан тышкары мал чарба менен алек болом. Биздин айыл тоого жакын жайгашкандыктан малды айылга көп кармайбыз», - деди ал.

Жетимишбай аксакал 6 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×