Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 12.10.2018 17:38

Таласта «Сулайман-Тоо» музейинин көчмө көргөзмөсү уюштурулду (фото)

Turmush -  Кечээ, 11-октябрда Талас районундагы «Манас Ордо» комплексинде Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музейинин көчмө көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу «Манас» эпосу музейинин илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага мектеп окуучулары, элдик мураскерлер, музей кызматкерлери катышты.

«Көргөзмөнүн максаты — «Сулайман-Тоо» музейин жалпы журтка, коомго даңазалоо. Көргөзмө «Манас» эпосу музейинде кийинки жылдын март айына чейин турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×