Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуМанас району 15.10.2018 09:20

Мекендештер: Манастык К.Туракеева Германияда жашап, бухгалтер болуп эмгектенүүдө (фото)

Turmush -  Манас районунун Арал айылында чоңойгон 34 жаштагы Кипариза Туракеева 12 жылдан бери Германиянын Мюнхен шаарында жашап, иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча экономист бухгалтер.

«Германияга 2006-жылы атайын программа аркылуу келгем. Кесибиме ээ болгондон кийин бул жакка келип, дагы улантып окудум. 5 жылдан бери Мюнхен шаарында экономист-бухгалтердик кызматта иштейм. Алгач жаңы келгенде тилден кыйналгандыктан 2 жыл аралыгында тил үйрөндүм. Жашоо шартка көнө албай жүрдүм. Бирок Германиянын жакшы жактары абдан көп. Биринчи орунда тазалыкты сакташат. Жаңы барганда мен бир үй-бүлөдө жашачумун. Ал жакта таштандылар бөлүнүп төгүлөт экен. Мисалы желим буюмдар өзүнчө, картон кагаздары өзүнчө, биотамактар өзүнчө бөлүнүп, таштандыга кетиришет. Ушул нерсеге аябай таң калгам.

Элдери да адамгерчиликтүү, жөнөкөй келишет. Мен велосипед тепкенди билчү эмес элем. Бул жакка келип үйрөндүм. Кызыгып тээп жүргөндө кожойкенин короонун жанында токтоп турган унаасынын артынан кирип, тормоз бере албай, терезесин сындырып алгам (күлүп). Мен аябай коркуп, көп чыгымга учурадым деп кейидим эле. Кожойкебиз капа болгон жок. «Эч жериң эч нерсе болгон жокпу? Кам санаба бизде (камсыздандыруу) страховка бар» деди. Ичим аябай жылып калды. Эл бири-бири менен иши жок, өзүңдү кенен алып жүрө аласың.

Азыр бул жактагы кыргыздар мурункуга салыштырмалуу аябай эле көбөйүп калды. Германиянын Кыргызстандагы элчилиги жыл сайын Нооруз майрамын уюштурат. Ошондо бардык кыргыздар чогулабыз. Аябай сонун майрам уюштурулат. Боз үй тигилип, боорсок жасалып, кыргыздын улуттук тамак-аштары жасалат. Ал майрамда Кыргызстанга барып келгендей сезим туюлат. Кыргызстандын белгилүү ырчылары келип, концерт коюшат.

Өзүм Кыргызстанга жылына 2 жолу барып турам, ата-энем да бул жакка келип турат. Ал эми балам бул жакта 3-класстын окуучусу. Алдыда максаттарым аябай көп. Азырынча иштеп, дагы көп окуп, кийинчерээк Кыргызстандын өнүгүшүнө салымымды кошсом деген чоң максатым бар», - деди ал.

Кипариза айым 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×