Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуКара-Буура району 16.10.2018 23:05 Жаңыланды: 12.08.2019 23:20

Айыл турмушу: Кара-бууралык Т.Эсенбаев 13 жылдан бери улак тартып, ийгиликтерди багынтып келет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 29 жаштагы тургуну Тилек Эсенбаев 16 жашынан баштап көк бөрү боюнча мелдештерге чыгып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, көк бөрү боюнча чет өлкөлөрдөгү мелдештерге да катышып келген.

«Менин көк бөрүгө кызыгуум кичине кезимден эле жаралган. Көк бөрүгө чейин ат чабыштарга чыгып, ат чаап жүрчүмүн. Айыл ичиндеги улак тартыштан калчу эмесмин. Менден улуу Бекболсун деген агам дагы мыкты улакчылардын катарында эле. Бирок агам Чүй өрөөнүндө Жайыл атанын 100 жылдыгындагы оюнга барып, ийгилик менен кайтып келе жатышканда жол кырсыктан улам каза болуп калды. Акемдин мыктылыгын өчүрбөйүн деп, мен да көк бөрүгө аралаша баштадым.

2013-жылга чейин азыркы «Кожомкул» командасында ойноп жүрдүм. Бул команда менен көп ийгиликтерге жетиштим. 5-6 жыл команданын курамындагы балдар менен бир туугандай болуп жүрдүк. Жетекчибиз Индусбек Бөкөнбаев бизге улакты гана эмес, тартип, намыс, ынтымакты үйрөттү. Ар дайым бизге дем-күч берип келди. Команда менен бир гана Таласта эмес, Чымкентке чейин барып, алдыңкы орундарга ээ болуп жүрдүк. Көк бөрү ойноп жүрүп ар бир өрөөндөн дос таптым. Ошол достор үй-бүлөлөрүбүз менен жакындан дос болуп, шерине ойноп турабыз.

2013-жылы 16-октябрда Ормон хандын 220 жылдыгындагы оюн учурунда катуу жаракат алгам. Ошондон кийин ден соолугума байланыштуу көп оюндарга чыкпайм. Чакырган командаларга барып ойноп турам. Оюндун эң кызыгы жеңиш учуру. Канчалык кыйынчылык менен ойнойсуң, бирок жеңишке жетсең ошонун баары унутулуп калат. Оюн деген оюн, бирде утулсаң, бирде утасың. Оюнда утулганды да, утканды да билиш керек.

Бакайыр айылын көк бөрүнүн мекени деп коюшат. Каныбызда бар го деп коём. Оюн негизинен оор дешет, бирок биз үчүн билинбейт. Мен «көк бөрү оюну көк бөрүчүлөр үчүн баңгизат сыяктуу» деп айтып күлүп калам. Себеби канча жаракат алсак дагы, оюндан баш тарта албайбыз (күлүп). Улакчынын баласы улакчы болот деп коёт эмеспи. Балдарым да көк бөрүчү болууну каалайт. Айыл ичиндеги мелдештерди сөзсүз көрүп турушат», - деди ал.

Тилек мырза 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×