Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 18.10.2018 09:55 Жаңыланды: 05.12.2018 20:20

Жеңеке: Кара-бууралык Айгерим жеңе жаңы келин болгондо кайын сиңдиси «көп ишти кылдырчу» (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылындагы 29 жаштагы Барпиева Айгерим жеңе жаңы келин болгондо кайын сиңдиси үй жумуштарын жасап, апасына «жеңем кылды» деп аны мактап койчу. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепти аяктары менен эле классташы Тилекке турмушка чыккан.

«Тилек экөөбүз бир айылданбыз. Болгону айылыбыз өйдөкү айыл жана ылдыйкы айыл болуп бөлүнөт. Мен ылдыйкы айылда жашачумун. Биздин мектеп 9 жылдык болгонуна байланыштуу 10-11-классты жогорку айылга барып, Тилектердин мектебинде окучубуз. Тилек менен ошол жактан таанышып калдым. Башында достук мамиледе жүрчүбүз. Ал кезде Тилектин бир тууган агасы каза болуп, андан кийинки бала болгону үчүнбү үйдөгүлөр «11-классты бүтсөң эле үйлөнөсүң» деп айтышчу экен. Ал мага «сөйкө салдырам» деп эле туруп алды. Бирок мен дагы жакшы көргөндүктөнбү "жок" деп так секире алган жокмун. Ата-энем менен акылдашып, макулдугумду бергем. Ошентип 1 жылдан ашуун убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 2008-жылы 4-ноябрда баш коштук. Быйыл баш кошуп, түтүн булатып келе жатканыбызга 10 жылдын жүзү болот», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жаңы келин болуп келген учурду эскерди.

«Жаңы келин болуп келгенде башка үйгө көнө албай, көпкө кыйналып жүрдүм. Кайын журтум алтын адамдар. Жумуш кылып ары-бери өтсөм чекемден өөп, батасын берип, келиндүү болдум деп сүйүнүп жүрүштү. Азыркы кезге чейин «сен биздин келинибиз эмес кызыбызсың» деп эркелетип келишет. Мен дагы өз ата-энеме эркелегендей эркелеп жүрө берем. Өзүмдүн оюмдагыдай карапайым, жөнөкөй, тынч үй-бүлөгө туш болгонума сүйүнөм. Тилек ар дайым менин көңүлүмдү көтөрүш үчүн баарын кылды. Унаасын айдатып, кечинде сыртка алып чыгып чана тептирип, аяз ата жасап, кар менен жуундуруп көңүлүмдү көтөрүп жүрдү. Ал убакта кыйналганымды унутуп калчумун (күлүп).

Күйөөгө тие элегимде кайын эже менен кайын сиңдилер жөнүндөгү ар кандай сөздөрдү угуп коркчумун. Кайын сиңди, кайын эжелерим кандай болот болду экен, мени урушса эмне кылам деп кыжаалат боло берчүмүн. Бирок менин кайын сиңдим менен мамилем аябай жакшы. Ал үй жумуштарын бүтүрүп, тамак жасап, апама «жеңем жасады» деп койчу. Мен билбеген ишти кайын сиңдим жасап, мени көп учурда ыңгайсыздыктардан кутултуп койчу», - деди ал.

Айгерим жеңе 2 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×