Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуМанас району 19.10.2018 17:09

Манас, Кара-Буура райондорунда 9 ай ичинде мамлекетке 60 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

Turmush -  Манас жана Кара-Буура райондорунда 9 ай ичинде мамлекетке 60 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Кара-Буура жана Манас райондорундагы бөлүмүнүн башчысы Нурлан Нартаев билдирди.

Анын айтымында, 9 айда экономикалык багыттагы 25 кылмыш жасалган. Алардын кесепетинен мамлекетке 60 млн 646 миң сом зыян келген. Бул факты боюнча 19 кылмыш иш козголуп, мамлекетке келтирилген зыяндын 12 млн 991 миң сому кайтарылып берилди. Бул фактылардын 80%ы, тактап айтканда 12 кылмыш иш жеке ишкерлердин салык жана милдеттүү акыларды төлөбөй койгондугуна байланыштуу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×