Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусуКара-Буура району 22.10.2018 16:05 Жаңыланды: 30.01.2019 17:52

Айыл турмушу: Кара-бууралык Ж.Сыдыгалиева жолдошу экөө тигүү цехин ачты (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Буура айылынын 32 жаштагы тургуну Жыргал Сыдыгалиева тигүү цехин ачып иштетип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ушул эле айылда чоңойгон. 2003-жылы айылдашы Ринат Кутмановго турмушка чыккан.

«Айыл ичинде туруктуу иш жок болгонуна байланыштуу Бишкек шаарына барып, тигүүчү болуп иштеп калдым. 2 жыл иштеп келип, жолдошумдун жардамы менен чакан тигүү ишканасын ачтым. Азыркы иштеп жаткан ишкана айыл ичиндеги бош турган там. Бул жерде эч ким жашабагандыктан үй ээси менен макулдашып, убактылуу иштетип турууга алганбыз. Убактылуу иштеп жаткандыктан ижарасын деле төлөбөйбүз. Болгону ээси үйгө караан болуп тургула деп берген. Буйруса өзүбүз куруп жаткан тигүү ишканасы бүтүп калса көчөбүз.

Бул ишканада айылдык 3 келин эмгектенет. Кийим тиккен машиналардын ар бирин 10 миң сомдон ашык акчага алып келгенбиз. Айлык акыларыбыз иштегенибизге жараша. Жума сайын маянабызды алып турабыз. 1 жумада ар бирибиз 4 миң сомдун тегерегинде акча алабыз.

Колубузга акча тийгенде сүйүнүп, кийинки жумада мындан да көп алалы деп калабыз (күлүп). Азыркы учурда кыздардын майрамдык көйнөктөрүн тигип жатабыз. Бизге буйрутма Бишкек шаарынан келет. Көбүнчө көйнөк тиккендиктен башка буйрутма менен иштей элекпиз. Ар бир көйнөктү 55 сомдон тигип жөнөтөбүз», - деди ал.

Чебер-ишкер айым 2 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×