Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуМанас району 25.10.2018 15:35

Жеңеке: Манастык Гүлира жеңе нан жасаганды кайын атасынан үйрөнгөн (фото)

Turmush -  Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылындагы Момунтаева Гүлира жеңе нан жасаганды кайын атасынан үйрөнгөн. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Сай айылында чоңойгон. Жолдошу Асылбеков Улан менен студент кезинде классташы Айзада тааныштырган. Экөө 2009-жылы баш кошкон.

«Бир күнү Айзада мага жолугуу үчүн университетке келиптир. Жанында жолдошум да бар экен. Жолдошум Айзаданын күйөөсүнүн досу экен. Кененирээк сүйлөшүп отуралы деп Кара-Буурадагы кафеге бармай болдук. Сүйлөшүп, ошол күнү эле баш кошуп калдык. Биздин сүйүү бир көрүүдөн жаралган сүйүү деп тамалашап калам (күлүп). Жолдошум калп сүйлөбөгөн, иштерман, үй-бүлөгө камкор адам.

9 жылдан бери кайын ата жана кайын энем менен чогуу жашап келебиз. Аларга ыраазымын, биринчи келини болгондуктан «аны же муну билбей калдың» дебей, ар дайым колдоп келишет. Жаңы келин болуп келгенде көпчүлүк жумуштарды жакшы жасай албайт элем. Анткени үйдө 4 уул, 3 кыздын эң кичүүсүмүн. Мен кенжеси болгондуктан үй жыйноо ишинен башкасынын баарын жеңемдер жасап коюшчу. Мен болсо сабактарыма көп көңүл бурчумун. Мектепти үлгүлүү бүткөм. Ар кандай ийримдерге барчумун. Үйдөгүлөр мени «Энштейн болосуңбу?» деп калышчу. Ошентип жүрүп бир четинен убактым болбой, бир четинен жеңемдерден жумуш артпай калчу (күлүп). Тамак, нан, боорсок дегенди такыр бышырып көргөн эмесмин. Келин болуп келгенде тамактарды кайын энемден, кээде телефон менен жеңемдерден сурап жасап жүрүп такшалдым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле келиндик турмуштагы кызыктуу окуяны эскерди.

«Бир күнү кайын энем нан бышыруу үчүн камырды суюк кылып ачытып, бат эле келип каларын айтып, алысыраак жашаган коңшу эженин үйүнө кетти. Бир канча убакыт өтүп, камыр чарадан аша баштады. Мен кайын энемди күтүп отура бербей жасай берейин деп аракетти баштадым. Казанга камырды салып, от жактым. Нандын асты күйүп, үстү бышпай калды. Айлам кеткенде кайын атама барып, «сиз нан жасаганды билесизби?» деп сурадым. Кайын атам «биринчи көң калап, аны күйгүзүп алыш керек. Казанды ысытып, анан камырды саласың» деп көзөмөлдөп отуруп, бардык нанды бышырып алганбыз. Кайын энем келип, бири бышкан, бири күйгөн нандарды көрүп күлгөн. Ошентип күн алыс нан бышырып жүрүп, азыр сонун жасап калдым. Кайын энем ушул күнгө чейин тамашалап, «нан жасаганды кайын атасынан сурап үйрөнүп алган» деп айтып калат. Ошентип үйрөнөсүң деп нандан башка кышкы салат жасагандан бери үйрөттү», - деди ал.

Гүлира жеңенин жолдошу үйлөрдү евростилде оңдоо иштери менен алектенет. Экөө 1 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×