Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 25.10.2018 16:30

Айыл турмушу: Кара-бууралык Нуржан апа айылдаштарынын да алмаларын кыйыштырып берет (видео)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Буура айылынын тургуну Кайнарова Нуржан апа 13 жылдан бери алма өстүрүп, элеттиктердин алмаларын да кыйыштырып берет. Аймактык кабарчы багбан апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Токмок шаарынын кызым. Кесиби боюнча зоотехник. Таласка окуу жайдан практика өтөйм деп келип, 1979-жылы келин болуп калып калган. Жолдошу дыйканчылык менен алектенет.

«Мындан 13 жыл мурун алма бак отургуздум. Бул жерде алма гана эмес, алча, өрүк, алмурут, карагат жана малиналар да өсөт. 20 сотых жерде жалпы 100 түп көчөт түшүмүн берип келет. Үй-бүлөбүздөн алма бакка жакын мен болдум. Неберелеримди карап, кирип-чыгып бактын ичинде жүрөм. Бала-чака жегенге жаңы сорт чыгарайын деген максатта алма, алмурут, алчаларды бири бирине кыйыштыра баштадым. Алгач бир түп алманы кыйыштырып көрдүм. Кыйыштырылган алма кийинки жылы түшүм бере баштады. Бул жердеги алма бактын 40 түбү кыйыштырылып отургузулгандар. Негизи буларды жазында, 15-марттан кийин кыйыштырып отургуза берсе болот. Кыйыштырбай деле түшүм алса болот. Бирок эки сорттогу алманы кыйыштырып, андан түшүм алсаң сонун нерсе.

Мен бир гана өзүбүздүн эмес, айыл тургундарынын алмаларын кыйыштырып берем. Айылдаштар мени «алма кыйыштыргыч Нуржан эже» деп тааныйт. Бир гана айыл эмес, башка райондон келип атайын кылган ишимди көрүп, кыйыштырганды үйрөнүп кеткендер да бар. Бул өзүнчө бир кесип. Жаз айынан кеч күзгө чейин ушул бактан чыкпай жүрөм. Кеч күздө жазга даярдап бутактарды кыркам», - деди ал.

Нуржан апа 3 уул, 3 кызды өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×