Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуБакай-Ата району 25.10.2018 17:18

Бакай-Атада ардагерлер арасында веложарыш уюштурулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-октябрда Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата спорт сүйүүчү ардагерлердин веложарышы уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, жарышка 50 жаштан жогорку курактагы адамдар катышты. Алар айылдагы унаа жолго чыгып, жол коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлердин, дарыгерлердин коштоосунда 7 км аралыкка барышты. Жыйынтыгында 60 жаш курактагы Мырзабек Тоялиев биринчи болуп келди. Андан кийин 55 жаштагы Сүйналиев Жаныбек 2-орунга, 58 жаштагы Кенжебаев Корукбек 3-орунга татыктуу болду.

Алдыңкы орундарга ээ болгондорго Бакай-Ата райондук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын грамотасы жана 500 сомдон сыйлык берилди. Башка катышуучулар дагы акчалай кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×