Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 26.10.2018 09:53

Таласта Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча сүрөт көргөзмө уюштурулду

Turmush -  Кечээ, 25-октябрда Талас мамлекеттик университетинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ч.Айтматов сүрөттөрдө» аттуу фото-көргөзмө ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, сүрөттөр сүрөтчү Бердибек Султанмуратовго таандык. Анын эмгектеринде жазуучунун чыгармалары фото-объективдик ракурста чагылдырылган.

Талас мамлекеттик университетинин ректору А.Упенов авторго терең ыраазычылык билдирип, университеттин атынан ыраазычылык кат тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×