Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 26.10.2018 10:22

Кара-Буурада кагышкан унаалар толугу менен өрттөнүп, бир адам жабыркады

Turmush -  Талас—Тараз унаа жолунун 7-чакырымында, тактап айтканда Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын аймагында эки унаа кагышып, экөө тең толугу менен өрттөндү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жол кырсык «Фольксваген Пассат» менен «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгон. Кырсыктын кесепетинен бир адам жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×