Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 26.10.2018 15:39 На русском

Таласта төө буурчактын түшүмү жыйналып, 1 килограммы 50 сомго чейин сатылууда

Turmush -  Кара-Буура районунда төө буурчактын 1 килограммы 28 сомдон 45 сомго чейин сатылып жатат. Бул тууралуу Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров билдирди.

Анын айтымында, Кара-Буура району боюнча 24 360 гектар жерге төө бурчак эгилген.

«Бүгүнкү күндө 99 пайыз түшүм жыйналып, жалпы 44 560 тонна төө буурчак чогултулду. Ар бир гектардан 18,3 центнер түшүм алынды. Ал эми төө буурчакты кабыл алуу Кара-Буура районунда үзгүлтүксүз жүрүүдө», - деди ал.

2018-жылдын 26-октябрына карата төө буурчактын баасы:

Лопатка төө буурчагы — 40 сом;

Томат төө буурчагы — 28 сом;

Рябой төө буурчагы — 45 сом;

Юбка төө буурчагы — 45 сом:

Боксер төө буурчагы — 45 сом.

Ал эми өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы: «Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун "төө буурчак 25 сомго түшүп кетти" деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күндө төө буурчактын баасы анын сортуна жараша 30 сомдон 50 сомго чейин алынууда», - деп билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча төө буурчактын баасы:

Лопатка — 40-44 сом;

Томатный (Американка) — 30 сом;

Рябой — 45-47 сом;

Скороспелка — 48-50 сом.

«30 сомдон алынып жаткан томатный төө буурчагы аз эгилген. Белгилей кетчү жагдай, эгерде төө буурчак тазаланган болсо, анда жогорудагы баадан дагы 3-5 сомго кымбатыраак болот. Учурда төө буурчакты сатып өткөрүүдө эч кандай кыйынчылыктар жок. Болгону лопатка сортун кабыл алуу фирмалардын каржылык маселелерине байланыштуу убактылуу азайтылган. Жакынкы арада кайрадан толук алынып баштарын төө буурчак алган фирмалар билдиришти.

Түзүлгөн кырдаалдан улам өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев 29-октябрда төө буурчакты экспортко чыгаруу боюнча иш алып барган 75 фирманын өкүлдөрү менен жолугушуп, маселенин чоо-жайын териштирүү үчүн атайын кеңешме өткөрүүнү пландоодо. Төө буурчакты сатып алуу боюнча эч кандай чек коюлган эмес. Каалаган фирма каалаган баасында сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бүгүнкү күндө Талас облусунун аймагында төө буурчак алган 75 фирма өз ишин жүргүзүүдө. Аталган фирмалар аркылуу Таласта өстүрүлгөн төө буурчак, Түркия, Албания, Македония, Болгария, Россия жана башка 23 өлкөгө экспорттолуп жатат. Ал эми быйылкы жылы Талас облусу боюнча 57 миң гектар жерге төө буурчак айдалган. Учурда анын 99,1 пайызы жыйналып бүттү. Түшүмдүүлүк орто эсеп менен 18,5 центнерден айланып, жалпы 105 миң тонна түшүм алынды», - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×