Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 26.10.2018 14:06 На русском

Таластагы депутаттар мэрдин отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты

Turmush -  Бүгүн, 26-октябрда Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында кезектеги сессия өттү. Анда шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айда аткарылган иштери боюнча мэр Айдар Жузупбековдун отчету депутаттар тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылды.

Жыйынга жалпы 18 депутат катышып, 16 депутаттын макулдугу менен чечим чыкты. Мындан тышкары сессияда таштандыга тарифтерди которуу, бир нече шаардык мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча маселелер каралды.

Буга чейин 24-октябрда Талас облусунун жетекчилигинин 9 айдагы ишинин жыйынтыгы боюнча отурум өткөн.

Жыйында облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 9 ай аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилген. Облус аймагында билим берүү тармагына 24 мугалим, саламаттыкты сактоо багытында 124 адис жетишпей тургандыгы айтылган.

Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев Талас шаардык мэриясынын ишине сын айткан болчу.

«Быйылкы иш планда Талас шаарын өнүктүрүп, көрктөндүрүү иштерине басым жасалган. Эң эле жөнөкөй маселе чуңкурлар (жолдордогу) оңдолгон жок. Мэриңерди шаардагы эле жетекчилери тоготпой жатат. Тапшырма берип эле жөнөтсөң мэр кайра "өзүңүз айтыңызчы, укпай жатат" деп чалат. Таң эрте туруп алып, шаарын кыдырып, толук көйгөйлөрдү көргөн шаар жетекчиси жок. Мэрия даяр нерсени жасай албай жатат», - деген ал.

Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековдон комментарий алуу үчүн байланышууга мүмкүн болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×