Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 27.10.2018 10:55

Таластын Кууганды айылында жеңил атлетика боюнча облустук турнир өттү (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кууганды айыл аймагында жеңил атлетика боюнча облустук турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Бекмурат Жолдошбеков билдирди.

Анын айтымында, турнирдин байге фонду 9 миң сомду түзүп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды. Ал эми турнир Аймактарды өнүктүрүү жылына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган.

«Ар бир райондон жана Талас шаарынан жеңил атлетчи улан-кыздар катышты. 1999-2000-жылдары туулган өспүрүмдөр 3 чакырым, 2001-2002-жылдары туулган балдар 2 чакырым аралыкка чуркашса, кыздар 1,5 чакырымга чуркашты. Ошондой эле 2005-жылы туулган балдар 1 миң метр аралыкты чуркап өтүштү», - деди ал.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×