Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 31.10.2018 14:00

Жеңеке: Бакай-аталык Фарида жеңе сулуулук сынагын жеңгенде жактырып калган жигитке турмушка чыккан (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы 31 жаштагы Суранчиева Фарида жеңе сулуулар сынагында таанышкан жигитке баш кошкон. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. Учурда Ак-Дөбө айылында мугалим болуп иштейт. Айрым тойлордо жаштарга «Жар-жар» ырдайт.

«Үч-Эмчек айылындагы №2 орто мектепти ийгиликтүү бүттүм. 11-класста окуп жүргөн кезде райондогу мектептер арасында «Ай-Пери» деген сулуулар сынагы болуп калды. Ошол сынакка биздин мектептин атынан мен катышкам. Ал коңшу Ак-Дөбө айылында Дүйшөн уулу Акчал орто мектебинде өткөндүктөн ошол жакка баргам. Жолдошум Бекмат Алымбаев ошол кезде 25 жашта болчу. Кыздарды көрөйүн деп барып, ошол жерден мени көрүп жактырып калган экен. Мен ал сынактан 1-орунга ээ болгом. Ошентип таанышып калдык. Бири-бирибизди жакындан таанып, сүйлөшүп жүрдүк. Кийин жолдошум баш кошууну сунуштап, үй-бүлө куруп калдык. Ошентип Ак-Дөбө айылына сынактын арты менен келин болуп келип калдым (күлүп).

10 жылдан ашуун кайын атам, кайын энемдер менен чогуу жашадык. Алар эл арасында кадыр-баркка ээ адамдар болчу. Кайын энем мени өз кызындай кылып карап, жашоого тың болууга үйрөттү. Тигүүчүлүккө да жол көрсөттү. Азыркы күндө дагы кол өнөрчүлүгүн улап келем. «Улууларга сый көрсөтүп, кабак-кашым дебей жүр» деп тарбиялаган. Кийин мени мугалимдик кесипке окутушту. Анткени кичинемден мугалим болууну самачумун.

Жолдошум кандай жумуш баштабайын колдоп, жардам берип келет. Жокту айтпайт, ошол сапатын баалайм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле келин болуп келгендеги кызыктуу учурларды эскерди.

«Жаштайымдан келин болуп келдим.Өзүм 4 кыз, 1 уулдун экинчисимин. Жумуш жасоодо улуу эжеме көп таянчу элем. Жаңы келин болуп келгенде нан жасаш үчүн камыр ачыткам. Үйдөгүлөр камыр ачыса эле нан бышыра салам деп аларды күттүрүп койдум. 2 саат эмес 4 саат өтүп кетти, бирок камыр ачыбайт. Кайын энем менден шек санады окшойт, өзү барып камырымды көрүп, «ачыткы салгансыңбы?» деп сураган. Көрсө ачыткы салбай эле көптүрүп коюптурмун. Ошол күнүм такыр эсимден кетпейт.

Бир жолу биздин үйгө конокко барып, кайра артка келе жатканбыз. Кайтып келе жатканда түн кирип калган. Жолдон унаабыз бир аз убакытка токтогон эле. Мен унаадан түшсөм эшик аябай туман экен. «Аябай туман басып кетиптир» деп кыйкырып сүйлөгөм. Кайын энем чымчып алган. Көрсө унаанын ичиндеги бир кайын агамдын аты дагы Туман экен», - деди ал.

Фарида жеңе 3 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×