Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.11.2018 09:23

Айыл турмушу: Бакай-аталык К.Кутмановадан окуучулар, абысындары да токуунун сырларын үйрөнүп кетишет (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь айылынын 24 жаштагы тургуну Каракаш Кутманова кийимдерди токуп сатып, үй-бүлөсүнө кошумча киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында Бүбүсайра таенесинин колунда чоңойгон. Кол өнөрчүлүктү таенеси үйрөткөн. Кызыл-Октябрь айылына келин болуп келген. Негизги кесиби ашпозчу.

«Токуучулук менен 5 жылдан бери алектенем. Таенем мыкты токуйт эле. Көз жоосун алган сүрөттөрдү түшүрүп токучу. Улуу балам төрөлгөндө байпак токуп бергем. Коңшу-колоңдор көрүп, буйрутма бере башташкан. Интернеттен карап, кооздоп токуй баштадым. Ошентип кызыгуум күчөп, буйрутмаларды ала баштадым. Бири-биринен угуп, коңшу жана алыскы айылдардан дагы буйрутмалар келе баштады. Көбүнчө балдар-кыздар кие турган тумак, көйнөк, байпак жана башкаларды буйрутма беришет. Ата-энелер балдарына бала-бакчага кийгенге деп жылуу байпак, тумактарды токутуп алып кетишет. Кыздарга бир өңдөгү көйнөк, башына бутуна кылып комплект токуйм. Баасы 1000 сом болот. Мектептеги мугалим эжекелер баштарына тумактын түрлөрүн токутушат. Айымдарга табиттерине жараша чыптамаларды дагы даярдап берем.

Токуучулук ишим үй-бүлөбүз үчүн кошумча киреше табуунун жолу десем болот. Буйрутмаларды үй тиричиликтерин бүтүрө коюп токуйм. Кээде түндө токуп калам. Бул жумуштун кыйынчылыгы байкалбайт, анткени кызыгуу менен токуйм. Жиптерин өзүм тандап сатып келем. Кайын энем менин бул ишимди колдоп турат. Үйрөнөм деп мектеп окуучулары да келишет. Көп окуучуларга жана абысындарыма үйрөткөм. Азыр алар дагы өз балдарына токуп берип жатышат», - деди ал.

Каракаш айым 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×