Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 01.11.2018 13:41

Кара-Бууранын Бакыян айылында 2 миң тонна көмүр баткан база ачылды (фото)

Turmush -  Кечээ, 31-октябрда Кара-Буура районунун Бакыян айылында көмүр сатылуучу база ачылды. Бул тууралуу айыл башчысы Нургазы Асылбеков билдирди.

«Бакыян айылынын тургуну, жеке ишкер Мелис Чойбеков агабыздын демилгеси менен айыл тургундарына көмүркана ачылып, пайдаланууга берилди. Бул базага жалпы 2 миң тонна көмүр батат. Азыркы тапта 1 миң тонна Шабыркүл көмүрү бар. Айыл элине 5000 сомдон 5500 миң сомго сатылып жатат. Ошондой эле кышка карата айыл ичиндеги аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө 250 кг көмүр таратылды. Көмүрканага жалпы 2 млн сом каражат сарпталган», - деди ал.

Базанын ачылыш аземинде ишкер М.Чойбековго «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×