Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.11.2018 16:05

Жеңеке: Бакай-аталык Бурул жеңе кошуналарына электр жарыгы боюнча «отчет» берип турат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында жашаган Сыдыкова Бурул жеңе электриктин жубайы болгондуктан кошуналары электр жарыгы качан күйөрүн сурап турушат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ушул эле айылда чоңойгон. Жолдошу менен чоң апасы тааныштырган. Кесиби боюнча мугалим.

«Чоң апам кайын энемдин сиңдиси экен. Азыр чоң апам кайын журт жактан таежем болуп калды. Жолдошумду мактап, ал жөнүндө айтып жүрчү. Мени таанышып көрүшүмдү суранып калчу. Мен тамашалап, «Кайсы жакта иштейт? Диплому бар болсо таанышам. Үйдө жок дегенде 1 диплом болуш керек» деп күлдүргөм. Мен ал учурда жогорку окуу жайдагы окуумду бүтө элек болчумун.

Бир күнү чоң апам үйүнө чайга чакырып, сүйлөшүп отурсак жолдошум келип, таанышып калдык. Жарым жылдай сүйлөшүп жүрүп, 2008-жылы күз айларында баш коштук. Жолдошум Аскер сөзүнө бекем, түшүнүктүү, ак көңүл жана үй-бүлөбүзгө камкор адам. Кесиби боюнча электрик. Электр жарыгы өчүп калганда коңшуларым, тааныштардын баары мага телефон чалып, «эмнеге өчүп калды, качан күйөт?» деп сурашат (күлүп).

Кайын атам жана кайын энем менен чогуу жашайбыз. Тилекке каршы кайын атамдын көзү өтүп кетти. Апам Бакай-Ата айылынын ооруканасында башкы медайым болуп иштеген. Учурда небере жетелеп, ардактуу эс алууда. Апам түшүнүктүү жана акылман адам. Кемчилигим болуп калса урушпастан түшүндүрүп турат. Балдарыма дагы жакшы тарбия берип, акыл-насаатын айтат.

Балдарым чоңоюп калышса кесибим боюнча башталгыч класстардын мугалими болуп иштейм. Мугалим болууну кичинемден кыялданчумун», - деди ал.

Бурул жеңе кайын журтунда эсинде калган окуяны эскерди.

«Жаңы келин болуп келген учурум болчу. Жолдошум Таласка кеткен. Түш ооп, баарыбыз чай ичкени отурганбыз. Атам «Аскер көрүнбөйт да, каякка кеткен?» деп сураса мен «Таласка кеткен» деп жооп бергем. Бир тууган кайын эжем күлүп, көйнөгүмдүн этегимден тартып койгон. Көрсө атамдын атын атаган экенмин. Мен билген эмес элем, көпкө чейин уялып жүрдүм. Ошондон кийин үйдөгүлөр Таласка кетсе, облуска кетти деп айтып калгам (күлүп)», - деди ал.

Бурул жеңе 2 уул, 1 кыздын апасы. Бош убакта гүл өстүрөт. Учурда үйүндө гүлдүн 40тан ашык түрү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×