Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 02.11.2018 12:45

Жаш талант: Бакай-аталык бийчи С.Абдыбекова чет өлкөлөрдөгү фестивалдарга да катышып келет (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылынын 16 жаштагы тургуну Сезим Абдыбекова 9 жылдан бери бийлеп, чет өлкөлөрдөгү фестивалдарга да катышып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл 10-класста окуп жатат.

«Ата-энем 2-классымда бийге болгон кызыгуумду байкап, Талас шаарындагы балдарга билим берүү борборуна алып барып, бий ийримине беришкен. Бий ийримине барганга чейин сыналгыдан бийчилердин бийлегендерин көрүп, аларга окшоп бийлей берчүмүн. «Даткайым» бий тобуна дагы мүчө болуп бийлеп келем. Кыргыз улуттук бийлерин бийлеп, көп сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгонбуз. Бишкекте болуп өткөн «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» деген республикалык сынакта кыргыз жана уйгур бийлерин бийлеп, 1-орунга татыгам. Ысык-Көл облусунда жыл сайын өтүүчү «Ысык-Көл досторун чакырат» аттуу фестивалга дагы катышып, сыйлыктар менен кайтып келгем. 2017-жылы Түркия жана Кипрге барып бийлеп келдик. Быйыл да 5-сентябрда Түркиядагы сынакка катышып, сыйлыктарга ээ болуп келдим.

Атам Нургазы Аблаев, апам Динара Мураталиева ар дайым колдоп келишет. Мектепте кичүү кыздарга бий үйрөтөм. Буйруса бий мугалими болом деп ойлоп жатам. Келечекте дүйнө элине таанымал бийчилерди даярдап чыгарсам дейм», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 2 уул, 2 кыздын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×