Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.11.2018 17:05

Бакай-Атада Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сатыбалды ата көз жумду

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 97 жаштагы тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун 98 жаштагы ардагери Темирбеков Сатыбалды ата кечээ, 31-октябрда көз жумду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ардагер атаны акыркы сапарга узатуу боюнча митинг-реквием эртең, 2-ноябрь күнү саат 10:00дө Кең-Арал айылында өтөт.

Сатыбалды ата 1943-жылы согуш майданына аттанып, 1945-жылы кайтып келген. Ардагер зериккенде комуз чертип, облустан, райондон келген конокторду комуз күүсү менен узатып турчу. Ал жаш кезинде үйрөнгөн «Саранжы-Бөкөй», «Ой толгоо» аттуу күүлөрдү мыкты чертчү, деп эскеришет жакындары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×