Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуМанас району 02.11.2018 09:45

Манастын Покровка айылында ооруларды пайда кылып жаткан таштанды тазаланды (видео)

Turmush -  Манас районунун Покровка айылында тазаланбай турган таштандылар тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Покровка айыл өкмөтүнүн «Таза аймак» ишканасынын жетекчиси Мирлан Маматаев билдирди.

«Бүгүнкү күндө Покровка айылынын Ж.Куттубеков көчөсүндөгү таштандылар тазаланып, иретке келтирилди. Негизи ар бир айдын шейшемби, ишемби күндөрү таштанды ташыган унаа келип тазалап турат. Бул жер негизи чуңкур болчу. Биз чуңкурду тегиздеп, атайын таштанды салуучу урналарды да орнотуп бергенбиз. Бирок ал урналарды да ошол жерде жашаган тургундар өрттөп жок кылышты. Биз жашоочулар менен «1 жумада 2 жолу таштанды ташып кетебиз, силер капка салып чогултуп койгула» деп ортодон келишим түзүп алганбыз. Бирок алар капка чогултпай эле ыргыта беришет. Анан аллергия кайдан чыгат? Мына өзүбүз таштаган таштандылардан чыгат да.

Айыл өкмөттөн ай сайын 50 сомдон таштанды үчүн төлөм алынат деп токтом чыккан экен. Бирок биз 1 сом акча албай чыгарып келебиз. Ошол жердеги жашоочулар «таштанды толуп кетти, жергиликтүү бийликке кайрылдык, жооп жок» деп жатпайбы, бизге эч ким басып келген жок. Бир жума аралыгында чыгарылбай калган таштандынын себеби бар. Ошол учурда аба ырайы туруктуу болбой жаткандыктан таштанды ташыган техникада бир аз кемчиликтер жаралып, өз убагында чыгарылбай калган болчу», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 31-октябрда Покровка айылынын тургундары жол четиндеги таштандылар тазаланбай, оорулар күч алып жаткандыгын айтып чыгышкан.

«Покровка айылындагы Ж.Куттубеков көчөсүндө таштанды маселеси орчундуу болууда. Бизде 2 кабаттуу 1 эле үй бар. Анын ичинде эл жашайт. Бирок канализация, астында таштанды таштоочу жай деген жок. Алар таштандыларын биздин жер тамдардын алдына төгөт. Аны өзүбүздөн башка эч ким тазалабайт. Жергиликтүү бийликке кайрылып жатабыз. Бирок 3 айдан бери натыйжа жок. Бул жерге бирөөсү дагы басып келе элек. Күн ысыкта бул таштандынын жытынан тура албайсың. Үйлөрүбүз ушул жерде, айла жок.

Канализациянын жоктугунун жаман сууну дагы ушул жерге төгүшөт. Балдарыбыз, чоңдор өзүбүз дагы ооруп жатабыз. Терибиз кычышып, аллергиялык оорулар да пайда болду. Балдарды көчөгө чыгарбай, үйдө кармап отурабыз», - дешкен жашоочулар.

Покровка айылынын башчысы Акназар Жалилов менен байланышууга мүмкүн болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×