Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.11.2018 18:10

Бакай-Атанын Оро айыл өкмөтүнө жол оңдоочу 3,2 млн сомдук техника алынды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнө жол оңдоочу 3 млн 258 миң сомдук атайын техника алынды. Бул тууралуу АРИСтин эксперти Бийгазы Таалайбеков билдирди.

Анын айтымында, бул техника жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоорунун алкагында алынды. Алыскы жайыттарга баруучу жолдор совет бийлиги кулагандан бери оңдолгон эмес. Малдын басымдуу бөлүгү жакынкы жайыттарга жайылып, деградацияга учурап бара жатат. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн атайын жол оңдоочу техниканы алуу меселеси көтөрүлгөн. Айыл өкмөттүн бул демилгеси ишке ашып, атайын техника алынып келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×