Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуМанас району 02.11.2018 10:22

Манас районунда Баткен окуясынын ардагерлери сыйланды

Turmush -  31-октябрда Манас районунун Покровка айылында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын катышуучулары сыйланды. Бул тууралуу айыл башчысы Акназар Жалилов билдирди.

«Биздин райондун аймагында Баткен окуясынын 20 катышуучусу бар. Алардын ичинен 10дон ашыгы Бишкек шаарында, 3 адам Москвада, 1 адам Астанада жашайт. Андыктан биздин майрамдык иш-чарабызга 6 ардагер келип, сыйлуу коногубуз болуп кетишти. Ошондой эле акчалай сыйлык ыйгарылып, сый тамак берилди. Майрамдык иш-чарага жалпы Манас районунун атынан 23 миң 800 сом жумшалды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×