Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 04.11.2018 09:30

Жаш талант: Таластык 17 жаштагы Медер АКШда окуп келип, тил үйрөтүү боюнча клуб ачты (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Ой айылынын 17 жаштагы тургуну Мукай уулу Медер окуучуларга жана студенттерге чет өлкөгө кантип барып окуп келүү жөнүндөгү маалымат берип, жардам көрсөтүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2017-окуу жылында Американын Каролина штатында билим алып келген. Учурда Талас облустунун чет тилдер багытындагы лицей комплексинде 11-класста окуп жатат.

«АКШга окуп келүү үчүн 3 этаптан өттүм. Тест тапшырып, дилбаян жазып жана интервью бердим. Катышуучулардын 3% гана финалисттер болуп тандалып, окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ал жакка барганга чейин окуулары боюнча алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүктөн кыйынчылыктарга туш болгон жокмун. Программанын эрежесинде көрсөтүлгөндөй ал жактан бир үй-бүлө менен жашашыбыз керек эле. Ошол үй-бүлөм дагы көп жардам көрсөтүштү. Алар Кыргызстан жөнүндө билишчү эмес. Кыргызстанды даңазалап айтып, тааныштырып келдим. Бул программанын негизги максаттарынын бири өз өлкөбүздүн маданиятын тааныштыруу болчу. Андыктан өзүм менен бирге калпак, улуттук сувенирлерди ала кеткем. Алар үчүн алып баргандарым жана Кыргызстандын жаратылышы суктанарлык болду», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле АКШнын билим берүүсү жөнүндө сөз кылды.

«Билим берүүдө айырмачылыктар чоң экен. Анткени технология презентацияланган сабактар өттү. Мугалимдер менен жакындан дос катарында мамиле жасап, өз ойлорун кенен билдиргенге шарт түзүлгөн. Аны менен катар сый мамилеси дагы чогуу жүрөт. Мен окуган мектепте мени менен катар 2 кыргыз окуучу болдук. Окуучуларда эң негизгиси ишеним жаралып, алдыга койгон максаттары күчтүү болуш керек. Мен окуган мектепте 10 ашуун улуттун окуучулары жүрүштү. Көптөрү мексикалыктар эле.

Тилди унутпаш үчүн Тынчтык корпусунун ыктыярчылары менен тыгыз байланышып турам. Өзүм дагы Америка ордосунда ыркыярчымын. Американын тарыхын жана өз тарыхыбызды айкалыштырып маалымат берүү боюнча клуб ачкам. Ар ишемби сайын жолугушууларды өткөрүп турам. Андан башка дагы тил үйрөнүү боюнча клубум дагы бар. Көп студенттер жана окуучулар катышып турушат. Мында АКШнын окуу жайларына кантип барып, билим алып келсе болот деген суроолорго жооп катарында маалыматтарды берем. Кыргызстанда анын ичинде Таласта англис тилин билүүгө болгон кызыгуу күчөп келе жатат. Кызыккан жаштардын саны көп.

Америкада жүргөндө 125 сааттык ыктыярчылык иш алып барганым үчүн мамлекеттик департаменттин сертификаты менен сыйлангам. Бони Лейн деген ыктыярчы менен жакшы достордон болуп, иштешип жүрдүм. Америкадагы ийгилигим деп мекеним жөнүндө маалымат берип, Кыргызстанды аз дагы болсо таанытып келгеним болду деп ойлойм. 15 штатта болдум. Нью-Йорк, Вашингтон жана башка шаарларды көрдүм. Ал жактан анимацияны окудум, видеороликтерди жасоо, сүрөттөрдү редакциялоо жана башка компьютердик программаларды үйрөндүм. Ошолордун жардамы азыркы кезде тийип жатат. Атам Раимканов Мукай жана апам Качкынбаева Асипа ар дайым колдоп, менин ийгиликтериме сүйүнүп турушат.

Окуумду ийгиликтүү бүтүп, Европанын бир окуу жайынын студенти болсом дейм. Келекчекте эл аралык элчи болгум келет», - деди ал.

Медер үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. 2 карындашы дагы чет тил багытында билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×