Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 05.11.2018 10:10

Бала тили — бал: Жазмина жагат, бирок атам «Сумаяны алып берем» дей берет, - жаштагы Арген

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз Талас районунун Козучак айылынын 4 жаштагы тургуну Арген Акынбеков.

Аргендин апасы Сапарбаева Айнагүл айымдын айтымында, баласы үйдүн кичүүсү.

«Арген 2014-жылы 17-апрелде төрөлгөн. 3 бир туугандын кичүүсү. Ошондуктанбы эркелегенди жакшы билет жана бейбаш. Мектепке барууга кызыгуусу жакшы. Үйдөн өз алдынча тамгаларды жаттап, аракет кылып жатат.

- Арген, сен атаңа окшошсуңбу же апаңабы?

- Апам мага окшош сулуу.

- Качан мектепке барасың?

- Биздин айылда чоң мектеп бар. 1 жылдан кийин мен ошол жакка окуйм да.

- Телефон менен ойногон жакшыбы же балдар мененби?

- Телефон менен, бирок апам урушуп телефонун бербейт.

- Канчага чейин санаганды билесиң?

- 20га чейин. 1, 2, 3, 6, 9.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Карышкыр болсоң жакшы да баары коркот. Карышкыр болом.

- Чоңойгондо кандай кызга үйлөнөсүң?

- Сулуу, акылдуу кызга.

- Кайсы кызды жакшы көрөсүң?

- Мага Раатбек байкенин Жазмина жагат. Бирок атам «Сумаяны алып берем» дей берет.

- Сага Сумая жакпайбы?

- Ал топуракка ойнойт да.

- Канча балалуу болосуң чоңойгондо?

- Көп бала болот.

- Чоңойгондо атаң менен апаңды кантип багасың?

- Көтөрүп багам. Мен атамды, аялым апамды көтөрүп алабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×