Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусу, Талас 02.12.2018 17:56 На русском

Айыл турмушу: Таластык К.Тыналиева жылына 300гө жакын жаштардын никесин мыйзамдаштырган адис (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 44 жаштагы тургуну Клара Тыналиева жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө иштеп, далай жаштардын никесин мыйзамдаштырып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Ушул эле айылга келин болуп келди.

1997-жылы Чүй мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолу 2003-жылы Талас шаардык ЖААК бөлүмүндө адис катары башталса, учурда Талас шаардык жана Талас райондук бириктирилген ЖААК бөлүмүндө эмгектенип келет. 1 жылда 300гө жакын түгөйлөрдүн башын кошот.

«Биз эл менен тыгыз иштешкендиктен баарына жакшы мамиле кылып тосуп алуу аракетиндебиз. Ар кандай адамдар келет, ар кандай кырдаалдар жаралат. Биздин жумуш өтө кылдат мамиле менен сабырдуулукту талап кылат. Жумушубузда кызыктуу окуялар дагы көп болот. Өзгөчө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилерде балдарынын ысымын тандаш үчүн көп ойлонушат. Кошо ысым издешкен учурлар болгон.

Ар бир убакта көп коюлган ысымдар бар. Мисалы «Даңазалуу доор» сериалы болуп жаткан кезде күбөлүктөргө жалаң каармандардын аттарын каттаганбыз. Баязед, Хадиче, Сулейман деген ысымдар көп болду. Азыркы учурда Байел, Айбийке деген ысымдарды көп каттап жатабыз. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымын уулуна бергендер дагы көп», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле эсинде калган окуяларды эскерди.

«Бир бөбөктүн атасы баласынын ысымын көпкө ойлонуп, «Жони коем» деп күбөлүгүнө каттатып кетти. Мен «мүмкүн ойлоносуң, дагы ойлончу» деп жаттым. «Жок эже, атам ушундай атап койгон, ушуну жазыңыз» деп жаздырып кетти. 2 жыл өткөн соң ошол киши кайра келип, уулунун ысымын башкача кылып котортуп кетти. «Эже, сиз туура айтыптырсыз, балдардын арасында, расмий документтерде дагы ысымы туура эмес болуп калат экен» деп айтты.

Ортосунда 4 баласы бар жубайлар соттун чечиминин негизинде ажырашып келишти. Аларга ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк жазып бергем. 3-4 айдан кийин эле ошол жубайлар кайра никеге каттоо боюнча арыз менен келишти. «Биз туура эмес кылыптырбыз. Эми кайра жараштык» дешти. Балдары ата-энеси менен болот деп абдан сүйүнгөм. Мындай окуялар көп болот», - деди ал.

Клара айым жолдошу экөө 3 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×