Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 05.11.2018 12:20 На русском

Айыл турмушу: Бакай-Атадагы Марина айым 27 жылдан бери миңдеген кийимдерди токуду (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунда жашаган 40 жаштагы Марина Шерина 27 жылдан бери кийимдерди токуп келет. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Москва районунун Беловодск айылында төрөлгөн. Ата-энеси жок болгондуктан Кара-Балта шаарындагы интернат үйүндө чоңойгон. Токууну ошол жактагы башкы медайым Людмила Николаевна үйрөткөн.

«Учурда Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылындагы карылар жана майыптар үчүн каралган интернат үйүндө жашайм. Бир учурда Кара-Балтадагы интернат үйүнө барганымда Людмила Николаевна токуганды үйрөткөн. Ал ошол жерде башкы медайым болуп иштейт. Мага апамдай мамиле жасап, көп нерсени үйрөткөн. Токууну үйрөнгөндөн бери 27 жыл өтүптүр. Ошондон бери токуп, буйрутма алып, элге кызмат көрсөтүп жардам берип келем. Баш кийимден тарта байпакка чейин токуйм. Эгер кардар байпакка буйрутма берип, жибин өзү алып келсе 150 сом болот, жиби жок болсо 300 сомдон бааланат. Анткени колдун эмгеги болуп саналат эмеспи. Кээде түндөп-отуруп токуп бүтүрөм. Жөнөкөй кылып токубастан ар кандай гүлдөрдү түшүрүү менен ар кандай өңдөрдү жуурулуштуруп даярдап берем. Кооз жана көрктүү болот. Эгер кара түстө токуп жаткан болсом ал жерге ак өңдөгү жипти кошо кетем. Ал эми жашылдан токусам ага сары өңдү кошом. Айымдар учун көбүнчө ачык түстөгү жиптер менен токуйм. 3 жаштагы балдарга тумак, көйнөк, байпактарын үзгүлтүксүз отуруп токуганда 5 күндө бүтөм. Алгачкы кийимди өзүмдүн Анфиса деген куурчагыма токуп бергем. Ал мени менен 14 жыл чогуу жүрөт (күлүп).

Жиптерди Таласка барганда сатып алам. Кытай жиптерин дээрлик албайм, сапаты жакшы эмес. Кармаганда эле билинет, катуу болот. Андан эмне токусам да бир жуугандан кийин өңү өчүп, көрүнүшү жаман болуп калат. Ден соолукка дагы зыян. Мен дайыма түрк ангор жиптерине басым коем. Алар жумшак жана жагымдуу. Кардарга эмне токуп берсем дагы уят болбойм. Эмгегимдин арты менен аз да болсо акча таап келем. Буйрутма алып иштөөдө эч ким жардам бербейт. Тескерисинче билгенимди ушул жердеги кыздарга үйрөтөм», - деди ал.

Чебер бийкеч келечекте үйлүү болуп, ата-энесин табууну кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×