Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 06.11.2018 08:41

Таластагы «Альянс Алтын» ЖЧКсы журналисттерди куттуктап, спорттук мелдеш жана сый тамак уюштурду (фото)

Turmush -  7-ноябрь – Басма сөз жана маалымат күнүнө карата Таластагы «Альянс Алтын» ЖЧКсы кичи футбол боюнча турнир өткөрүп, майрамдык иш-чара уюштурду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Майрамдык иш-чара Талас шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүп, ага облустагы жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенишкен журналисттер катышты. Кызуу таймаштын жыйынтыгында Талас шаарындагы «3-канал» телерадиокомпаниясынын кызматкерлери 1-орунду ээлеп, «Альянс Алтын» кубогун жана акчалай байгени утуп алышты. Ал эми 2-орунга Талас облустук телерадиокомпаниясынын жигиттери илинип, акчалай сыйлык менен сыйланды.

Спорттук иш-чарадан кийин Талас шаарындагы «Канат ата» оюн-зоок борборунда облустун аймагында эмгектенип жатышкан журналисттерге жана ардагер журналисттерге өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү сый тамак уюштурду. Алдыңкы деп табылган журналисттерге өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев облус жетекчилигинин ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын тапшырды.

«Альянс Алтын» компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Д.Жаныкулов компаниянын жетекчилигинин атынан теле, радио, гезиттердин редакцияларына, ардагер журналисттерге атайын акчалай сыйлыктарды ыйгарды. Иш-чаранын алкагында көзү өтүп кеткен журналисттердин атына багышталып куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×