Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 06.11.2018 09:22

Жубайлар: Бакбуркан ата менен Айша апа айлыкка иштеп, 6 баласын жогорку билимдүү кылышты (фото)

Turmush -  Талас районунун Арал айылындагы 76 жаштагы Найзабеков Бакбуркан ата менен 70 жаштагы Эрдешова Айша апа экөөнүн бирге түтүн булатып келе жатканына 50 жыл болду. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Бакбуркан ата: Мен 1942-жылы ушул Арал айылында төрөлгөм. Атам Найзабек 1943-жылы фронтко кеткен боюнча кайра кайтып келген жок. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң кичүүсү, анан уулдан жалгыз болдум. Мектепти бүткөндө апама каралашып, айылда болдум. Өзүм мал багууга бала күндөн кызыкчумун. Менин кызыгуумду арттырып, кайда мал дарылаганга барса да ээрчитип алган Көбөнов деген мал доктур бар эле. Ал агай менен жүрүп, көп нерсени өздөштүрүп үйрөнө алдым.

Билим алып, ушул айылда мал доктур болсом дечү элем. Ошону ишке ашырайын деп апам менен сүйлөшүп, 24 жаш курагымда Фрунзедеги Айыл чарба институтунун ветеринардык факультетине өтүп, билим ала баштадым. 5 жылдык окууну аяктап келип, Арал колхозуна ветеринар болуп иштедим. Малды дарылоо татаал. Анткени ал сага эмне болуп ооруп жатканын айтып бербейт. Ошону таап дарылоо кыйын. Азыркы күнгө чейин Арал айылында мал доктур болуп иштеп жатам.

Жубайым Айша экөөбүздүн баш кошконубузга 50 жыл болду. Мен жаңы үйлөнгөндө эч нерсем жок эле. Айша ошого да макул болуп, мага жөлөк болуп, экөөбүз ушул күнгө жетип отурабыз.

Айша апа: Мен 1948-жылы Талас районунун Манас айылында төрөлгөм. 1966-жылы мектепти бүтүп, Фрунзедеги Маяковский атындагы кыз-келиндер институтуна физика бөлүмүнө тапшырып, билим алдым. Студенттик күндөрдө бир жерден суу ичейин деп барып, жолдошум Бакбуркан менен стакан талаша кетип, тааныш болуп калдым. Сурашсак экөөбүз тең Таластан экенбиз. Мени жатаканага чейин узатып койду. Экөөбүз ошол күндөн тарта жакшы тааныштардан болуп жүрүп, 1968-жылы баш коштук.

Мен мектепте мугалим, жолдошум колхоздо мал доктур болуп, эриш-аркак ээрчишип жүрүп элге кызмат кылдык. Ал учурда элде кыйынчылык болуп турган учур эле. Биз дагы эл сыяктуу айлык менен эле күн көрүп жашадык.

Үйдө карыган апабыз бар болчу. Ал мени өз кызындай кабыл алып, көп нерселерди үйрөттү. Апамдын акылы менен үйгө келип, кайра мектепке барып, эки жакка жетишүүнү үйрөндүм. Мектепте балдарга сабак өтүп, үйдө апама, балдарга тамак берип коюп кайра мектепке кетип, кийинки сабагыма жетишип калчумун. Ал эми мектептер аралык олимпиада болгондо бардык нерсени унутуп, окуучу менен отуруп даярданышка туура келет. Бирок ошол эмгектерибиз кайтып, көп окуучуларым олимпиададан жакшы жетишкендиктерге жетишип келишчү.

Жолдошум экөөбүз 6 уулду тарбиялап, айлыгыбыз менен жогорку билимдүү кылып окута алдык. Азыр ар бири өз ордун таап, жакшы кызматтарды аркалап жатышат. Көкүрөк күчүгүбүз Жылдызбек атасынын жолун улап, мал доктурлук кесипти улантты. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр ордолуу шаар болуп, 6 келин алып, 19 неберелүү болуп отурабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×