Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 06.11.2018 17:21 Жаңыланды: 11.11.2018 12:36

Жеңеке: Таластык Гүлзат жеңе 1 айга кызыныкына кеткен кайын энесин жаш балача чыдамсыздык менен күткөн (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Манас айылындагы 40 жаштагы Гүлзат Баялиева жеңе жолдошу менен таанышып, андан 2 күндөн кийин эле баш кошкон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында чоңойгон. Кесиби боюнча мугалим. Жолдошу Бакытбек Тагайматов экөө 2000-жылы баш кошушкан.

«Манас айылына 2000-жылы келин болуп келгем. Жолдошум менен өзүм эмгектенген мектептен таанышып калгам. Сөөк жаңыртабыз деп таанып-билип бүлө курганбыз. Кайын атамдын атасы менен менин чоң апамдын атасы бир тууган экен. Ошондо мен таякелер жакка келин болуп калдым.

Мектепте иштеп жүргөндө кайын агам мектептин мүдүрү болуп иштечү. Бирок келин болгонго чейин кайын агам болот деп билген эмес элем. Инисине (жолдошуна) мен жөнүндө айтып, бир күнү мектепке жолдошум мени издеп келиптир. Ошол жерден жолугушуп, таанышып калганбыз. Эртеси эле жолдошум баш кошууну сунуштаган. Бир көргөндө эле адамгерчилигинин бийиктигин, түз сүйлөгөнүн, өзүнө тыкан экенин баалагам. Жолдошум 5 уул, 5 кыздын кичүүсү. Ошентип 2 күндө кийин баш коштук.

Келин болуп келгенде кайын атамды көргөн жокмун, кайтыш болуп кеткен экен. Апабыз азыр 77 жашта. Аябай даанышман апа десем болот. Анткени 18 жылдан бери бир катуу айтпай, билбегенимди акырын үйрөтүп келет. Сый-урматымды көрсөтүп, батасын алып жүрөм. Мага кызындай мамиле жасап, апа мээримин берип турат. Болгону «көп бала төрөбөй койдуң» деп айтып калат. Калган бардык иштериме ыраазы болуп, батасын берет. Улуу балам 10-класста окуп жатат. Андан кийин 2 кызыбыз бар.

Апам мени менен чай ичкенди жакшы көрөт. Мен жумуштан келгенче чай кайнатып коёт. Мен келерими менен дасторкон жайып, сүйлөшүп отуруп чай ичебиз. Кайын энем «сен келгенде чай ичебиз» деп күтүп отурат (күлүп)», - деди ал.

Гүлзат жеңе буга катар эле келиндик доордогу кызыктуу окуяларды эскерди.

«Тамакты жакшы жасаганга аракет жасайм. Жаңы келгенде аш басып берейин деп ишенимдүү эле баштагам. Көз болжол менен жасап көнүп калгандыктан дасторконго коердон мурун даамдап көрбөптүрмүн. Даамы жакшы болду го деп эле ойлогом. Жолдошум жеп эле ачуу го деп калды. Көрсө туздалган эттин тузу дагы кошумча болуп чыгып, мен дагы туз салып койгонумдан ачуу болуп калыптыр. Ошондо кайын энем «даамдуу эле болуптур» деп билгизбей жеп, мени калкалаганын унутпайм.

Бир күнү апам кайын эжемдин үйүнө Бишкекке конокко кетип, 1 ай дегенде келди. Биз балдарыбыз менен аябай сагынуу менен күтүп калдык. Апам айылга карай жолго чыкты дегенде апам жеткенче биз үйгө кирип, кайра жолго чыгып карап, убакыт такыр өтпөй койгон. Балдарым дагы аябай сагынып калышкан экен, кезеги менен чыгып жол карашкан. Аягында мен балам менен аялдамага барып күтүп туруп алдык. Мен дагы жаш балача кудуңдап сүйүнүп алгам. Ошондо балам «апа кийин мен дагы аялым менен сиз келе жатканда ушинтип күтүп алабыз да ээ» десе аябай ойлонуп калгам. Бала көргөнүн жасайт. Кудайга шүгүр апама болгон мамилем жакшы», - деди ал.

Гүлзат жеңенин жолдошу үйдө мал чарбачылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×