Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 08.11.2018 14:37

Жаш талант: Таластык комузчу А.Жолдошов чет өлкөлөргө чейин барып, сынактарга катышууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 15 жаштагы тургуну Актан Жолдошов комуз чертип, ар кандай фестивалдарга катышып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, комуз чертүүнү атайын ийримгне барып үйрөнгөн.

«Үйдо комуз бар болчу. Атам ушул комузду чертип үйрөнбөйсүңбү дечү. Бул комуз тартууга келгенин көп айткан. Атам өзү дагы комузда, гитарада жакшы ойнойт. Ошентип 3-класстан бери комуз ийримине катышып үйрөнгөм. Учурда 4 адамдан турган «Айкөл» комузчулар тобуна мүчөмүн. 2016-жылы болуп өткөн Көчмөндөр оюндарында 1000 комузчулардын арасында мен дагы кол ойнотком. Анда дагы кастинг аркылуу өткөм. Кийин президенттин сыйлыгын алдым. Ошол эле жылы Ысык-Көлгө «Балдар достошот» деген фестивалга катышып келгем. Ысык-Көлдө өткөн фестивалдарга 4 жолу барып катышып, сыйлыктарга татыгам. 2017-жылы 2 жолу Түркияга барып, «Маш ботой»,»Саадат какты», «Көйрөң-Күү» деген күүлөрдү чертип элдин кызыгуусун жаратып келгенбиз. Атам Мелис, апам Фарида Түркияга жана башка жактагы сынактарг барганда каражат жагын чечип, колдоп турушат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар актерлук өнөрдү да аркалай баштаганын айтты.

«2 жыл мурун Аман Токтогуловдун 70 жылдыгына карата спекталде ойноо үчүн жаш балдардын арасында кастинг жарыяланып, ролго мен өтүп кеттим. Анда мен Түгөлбай Казаковдун бала кезин комуз чертүү аркылуу ойноп бергем. Мени Түгөлбай Казаковдун жаш кезине окшоштурушту. Ал киши да кичинесинен бери эле комузда кол ойнотот экен. Ролду жакшы чагылдырып ойноп бергем. Бүтөр менен үйгө кетип калган элем. Ошондо Түгөлбай Казаков өзү спектаклди көрүп, мага ыраазычылык сөзүн айтам деп мени издеп калган экен.

2017-жылы Атай Огомбаев жөнүндөгү тасмада анын жаш кезин ойноп бергем. Ал ролго да кастинг аркылуу өткөм. Кийин кинонун Таласта презентациясы болуп, губернатордун сыйлыгын алгам.

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Сократтын түнү» деген спекталь көрсөтүп, мен хандын агасынын ролун жараттым», - деди ал.

Комузчу-актер жигит үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×