Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуМанас району 08.11.2018 16:20 На русском

Вице-премьер «Чоң-Капка» пунктундагы көзөмөл жана товарларды эсепке алуу ишин текшерди

Turmush -  Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Чоң-Капка автожол» өткөрүү пунктундагы транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттун ишин текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында транспорттук көзөмөлдү жана товарларды эсепке алууну камсыздоо боюнча чараларды күчтөндүрүү максатында өкмөттүн 2018-жылдын 23-августундагы токтому аркылуу жогорудагы убактылуу пункттарды орнотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Алар учурда өлкөнүн 4 көзөмөл-өтөрүү пунтунда: «Чоң-Капка автожол», «Чалдыбар автожол», «Ак-Тилек автожол» жана «Ак-Жол автожол» пунктунда иш алып барууда.

Вице-премьер-министрге МСК, ЭККМК жана ЖККББ кызматкерлеринен куралган аймактык мобилдик топ тарабынан мыйзамсыз товар киргизүү фактыларынын жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден товарларды ташуу боюнча талаптардын бузулушунун алдын алуу боюнча күнү-түнү көзөмөлдөө-ыкчам жана рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы туралуу маалымат берилди. Жеңиш Разаков товарларды эсепке алуунун айкындуулугун жогорулатуунун маанилүү экендигин баса белгиледи, буга байланыштуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн жүктөрдү фиксациялоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, аймактык мобилдик топко мыйзамсыз товарларды киргизүү менен алектенген жактарга карата катаал чараларды көрүү тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×