Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 08.11.2018 17:34

Кайын эне: Кара-бууралык Равшан апа «кулагы чоң экен» деп күлгөн жигитке турмушка чыгып, азыр 2 келиндүү болду (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылындагы 61 жаштагы Алымбекова Равшан апа конок болуп кеткен жигитке турмушка чыгып, азыр 2 келинге кайын эне болду. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылындагы чабандын үй-бүлөсүндө чоңойгон.

«Жолдошум Алымбеков Бейшенбек менен өзүмдүн үйүмдөн таанышкам. Балта деген жеңебиз тууганыңар болобуз деп эле жолдошум менен үйгө келишкен. Ата-энем үйдө жок болчу. Мен аларга дасторкон жайып, чай берип таанышып эле койдук. Ошондо жолдошум көп сүйлөгөн деле эмес. Туугандарыбыз болот экен деп маани берген эмесмин. Ошентип чай ичип конок болуп кетип калышты. Көрсө мени көргөнү келишкен экен. Алар кетишкенде сиңдилерим менен «кулагы чоң жигит го» деп аябай күлгөнбүз (күлүп).

Өзүм 5 кыздын экинчисимин. Ата-энемдер өмүр бою чабан болушту. Короо-короо мал багышкан. Мен аларга жардам берчүмүн. Атам тартипти бекем кармаган киши эле, «тийип кете турган болсоңор кайра артка келбейсиңер» деп айтчу. Ал убакта күйөөгө тием деп ойлобой, ата-энеме жардам берип эле тоодо көп жүрүп калдым. Кийин жолдошум экөөбүз баш коштук. Азыр кудайга шүгүр, очор-бачар болуп чоң үй-бүлөбүз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле өзүнүн келиндик доорун эскерди.

«Жаңы келин болуп келгенде кайын атам жана апамдар менен 6 жыл чогуу жашадык. Улуу кайын агам жаңы гана бөлүнгөн экен ошондо. Калган кайын сиңдилерим кичинекей болуп үйдө жүрүшчү. Чоң үй-бүлөгө келдим. Казан- казан нан жасап, тамак кылчумун. Үй тиричилигине тың эле болдум. Анткени тоодо свет деген жок, от жагып баарын отко жасачумун.

Кайын энем эч катуу сүйлөгөн жок. Тамашакөй апа эле. Чай ичип отурарда болобу, эшикте жүргөндө болобу конокто болсо дагы ошол жердин шаңын чыгарып күлдүрүп турчу. Кайын атам чайдын маңызын чыгара ичет эле. Кайын энем куудул киши болгондуктан кайын атам жанына отургузуп алып чай ичет эле. Мен чай куйчумун. Качан чайнекте чай түгөнүп кайын атам турганда анан биз турат элек.

Илгерки апалар көбүнчө кол өнөрчүлүк менен алектенишчү. Менин кайын энем дагы жипти мыкты ийригенди, шырдак жасаганды үйрөттү. 6 жылдан кийин өзүнчө чабан болуп бөлүнүп кеттик. Жайлоодо көп жылдар бою жашадык», - деди ал.

Равшан апа келин алып кайын эне болгонун баяндады.

«2 келин алдык. Биринчи келиним Тотуяны алганда толкунданып, даярдап койгон көшөгө, жоолуктарымды таппай, издеп отуруп араң тапкам. Сүйүнгөнүмдөн жоолукту колдорум калтырап жатып салганым эсимде. Экинчи келинимдин аты Элнура. Биз балам болуп жолдошумдун досунун баласынын үйүнө конокко барганбыз. Балам кызын жактырып калыптыр. Биз ал үйдө конокто отурсак, балам кызын үйгө алып келип той жасатып салган. 2 келинибиз тең Бейшеке айылынан болот.

Кайын энемдин шырдактарын азыркы күнгө чейин сактап келем. Кэчээ жакында эле келиндерим үй эмеректерин жылдырып жыйнашкан экен. Келиним ал «шырдактарды кире беришке салабыз» дейт. Мен «кызым бул кайын энемдин көзү» деп төргө салдырдым», - деди ал.

Равшан апа 3 уул, 2 кыз, 13 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×