Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 09.11.2018 10:49

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы: Таласта акындардын айтышында баш байгени ким алды? (фото)

Turmush -  Талас облусунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган төкмө акындардын айтышынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, айтыштын жыйынтыгы боюнча баш байгени Амантай Кутманалиев багындырып, 200 миң сом менен сыйлынды. 1-орунду ээлеген Баян Акматовго 150 миң сом тапшырылса, 2-орунга татыктуу болгон акындар — Абдылда Нуралиев менен Асылбек Маратов 80 миң сом менен сыйланышты. Ал эми 3-орунду багындырган Кадырбек Бейшенов 50 миң сомго ээ болду.

Мындан тышкары, дагы 10 акынга 20 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×