Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 13.11.2018 14:36

Таластагы бала бакчалардын бириндеги тарбиячыдан кургак учук табылды

Turmush -  Талас шаарындагы бала бакчалардын биринде иштеген тарбиячыдан кургак учук оруусу (туберкулез) чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына ата-энелер билдиришти.

«Ата-энелер үчүн жыйын кылышты. Ал жыйында кичи тайпанын тарбиячысынан кургак учук чыкканын маалымдашты. Ал жыйынга чейин эле ата-энелер тарабынан ар кандай далилдүү эмес сөздөр айтылып жаткан. Ата-энелерге бала бакча жетекчилиги тынчсызданбагыла деп айтышты. Баарыбыз башкача абалда калдык. Ооруну айтып болбойт, бирок тарбиячы биринчи медициналык текшерүүдөн өткөндө өпкөсү таза деп тактама басылып берилген экен», - деди алар.

Талас шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Байыш Керимбаев тарбиячыдан кургак учуктун белгилери табылгандыгын ырастады.

«Ооба, бул маалымат чын. Ушул окуу жылынын башында, 7-сентябрда кайталоо иретинде медициналык текшерүүдөн өтүп жаткан кезинде өпкөсүндө так бар деп чыккан. Ал 1988-жылы туулган тургун. Талас шаарындагы бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жаткан. Андан кургак учуктун белгилери чыккан соң дарыланууга кеткен. Бала бакчанын жааматы баары текшерүүдөн өтүп, бүгүнкү күндө таза деп чыгышты», - деди ал.

Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Кыял Карагулованын айтымында, тарбиячынын оорусу кургак учуктун жабык формасы экендиги такталды.

«Бул оору табылары менен эле бизге маалымат жеткен. Санэпидемстанция жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен оору чыккан жерде, тактап айтканда анын үйүндө жана иштеген жеринде текшерүү жүргүздүк. Бул оору профилактикалык текшерүүдө табылып жатат. Ал бала бакчада 2014-жылдан баштап тарбиячынын жардамчысы болуп иштеп келген. Жылына 1 жолу мындай текшерүүдөн өтүп турушат. Ушуну менен 3-жолу кайталоочу текшерүүдөн өтүп жаткан учурда рентгенден так чыгып калган. Тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөндө кургак учук чыкты. 12-сентябрда текшерүүдөн өттү дагы ошону менен жумушка барган жок. 15-сентябрь күнү ата-энелерге жыйын кылып, балдарды манту укол менен текшерүүгө уруксат алып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Тарбиячынын диагнозу кургак учуктун жабык формасы деп чыккандыктан үйдө дарыланса боло тургандыгы айтылган. Ал Талас шаарында кичинекей 2 кызы менен батирде жашагандыктан шарттары бар жерде толук аягып чыксын деп атайын стационардык ооруканага алып калдык. Ал жерде бекер дарыланат, жакшы толук кандуу тамактанат. Кичинекей 2 кызы дагы текшерүүдөн өткөн. Алар бүгүнкү күндө туугандарыныкында жашап жатышат. Ал эми бакчадан дагы, үйүнөн дагы эч бир оорунун белгилери чыккан жок», - деди Карагулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×