Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуБакай-Ата району 16.11.2018 13:55

Бакай-Атада «Кургак учукту баарыбыз бирге жеңебиз» акциясы өттү

Turmush -  Кечээ, 15-ноябрь күнү Бакай-Ата районунда «Кургак учукту баарыбыз бирге жеңебиз» аттуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Бакай-Ата районунун ден соолукту чыңдоо комитетинин адиси Гүлзат Көкүмованын айтымында, буга чейин ооруп калган адамдар коркуп, ооруларын жашырып, кыйналып келишкен. Иш-чара аларды колдоо, дем берүү максатында уюштурулду.

«Ошол убакта биз ачык сүйлөшүп, баарын түшүндүрүп беребиз. Кээ бир адамдар бекер дарылоо бар экенин билбей, акчанын айынан дарыланбай да жүрө беришет. Бүгүнкү күндө Бакай -Ата районунда бир жигит кургак учук менен жабыркап, азыркы тапта бул оору менен күрөшүп келе жатат. Ал адамга биз ар тараптан колдоо көрсөтүп, 2 ай сайын үйүнө барып дарылап турабыз. Азыркы учурда абалы жакшы», - деди ал.

Ал эми кургак учукту Москва шаарынан жугузуп келген 24 жаштагы С.Н. азыр дарыланып жаткандыгын, жазында толугу менен сакая тургандыгын кошумчалады.

«2013-жылы Москва шаарына иштегени бардым. Ал жакта 3 жыл иштеп келдим. Мындан 1,5 жыл мурун бул ооруну жугузуп алганымды ошол жактан УЗИге түшүп билдим. Укканда өтө жаман абалда болдум. Эч нерсе түшүнө албай, түшүнгүм да келбей турду. Оюмдун баары кантип айыгам, ушинтип эле элден бөлүнүп кетемби деп аябай сарсанаа болгом. Эмне болуп жуктуруп алганымды да билбейм. Дарылан деп мекениме жиберишти. Келип эле текшерилип, дары-дармектерди ичип баштадым. Азыркы учурда абалым жакшы. Коом мени туура кабыл алат, оорулуу адам деп бөлбөйт. Ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп келем.

Баарын жеңсе болот экен. Бир гана ишеним болуш керек. Ооруп калдым деп жата берсек, акыры өлүмгө алып барат. Ошондуктан күчтүү болуш керек. Буйруса жаз айында толугу менен айыгам. Кесибим менен иштеп, үйлөнөм деген ниетим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×