Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуМанас району 19.11.2018 09:30

Аялын чаккан чаяндын уюгун өрттөсө үйү кошо күйүп: Манастык Д.Момбеков 6 жылдан бери өрттүн «душманы» (фото)

Turmush -  Манас районунун 30 жаштагы тургуну Дамир Момбеков 6 жылдан бери өрт өчүрүүчү болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылында төрөлгөн.

«Өрт өчүрүүчү — кичинемден кыялданган кесибим. Туулган айылымдагы үйүм айылдык өрт өчүрүүчү мекемеге жакыныраак болчу. Ал жерде иштеген агалардын жумушта болгон окуяларын угуп калчумун. Аларды угуп, таасирлендим. Кийин мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен курулуш, транспорт жана архитектуранын өрт коопсуздугу боюнча инженер адистигине ээ болгом.

Жумушта мектеп окуучуларына өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин байма-бай өткөрүп турабыз. Өзүбүз өрткө каршы күрөшүү боюнча машыгуулардан өтөбүз. Биздин иште ар бир мүнөт эсепте. Ишибиз эртең менен техникалык шаймандарды текшерүүдөн башталат. Негизи ар бир кесиптин кыйынчылыгы болот. Кээде өрттөн жабыркаган адамдар чыгым тартып, өксүп ыйлап жатканы жан кейитет. Убакытты кетирбегенге аракет кылып, жардам көрсөтөбүз. Адамдардын өмүрүн сактап калып, өрттөнгөн жерден аз чыгым тарткандай болсо биздин ишибиздин ийгилиги деп билем.

Негизи бул кесипти эрки бош адам аркалай албайт. Кесибим менен сыймыктанам. Көптөгөн адамдардын кызматындабыз, жардам беребиз, алардын, элдин батасын алабыз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жакында Жайылган айылында чоң үйдү өрттөн сактап калышканын айтты.

«Жакын арада эле Жайылган айылында өрт болду. Чоң үйгө кошулуп курулган чакан үйдүн төбөсүндө чаян уялап алган экен. Үйдүн кожейкеси жумуш жасап жүргөндө аны чагып алыптыр. Аны көргөн жолдошу ачууланып, чаяндын уясын өрттөмөк болот. Бирок кооптуулукту ойлобостон от жаккан. Күч алып кеткен өрттү өчүрө албай, алы жетпей калган. Чакыруу келери менен бөлүмдөгү балдар менен жетип барсак үйдү түтүн каптап, өрт чоң тамга жетейин деп калыптыр. Жалбырттап күйгөн өрттү токтотуп калууга жетиштик. Үй ээлери ыраазы болушту», - деди ал.

Быйыл Манас району боюнча 45 өрт кырсыгы катталган.

«Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында көпчүлүк кырсыктар шалаакылыктан чыкканы аныкталат. Электр мешин токко сайган бойдон унутуп кеткен же тамекисин өчүрбөй ыргытып жибергенден өрт чыгат. Айыл жергесинде көбүнчөсү чөптөн өрт тутанат. Жаш балдар чөптүн тегерегине ойноп, ширеңке жагышат. Ата-энелер жаш балдарын көзөмөлсүз калтырбашы керек», - деди куткаруучу.

Дамир мырза 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×