Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуМанас району 20.11.2018 15:13

Манаста ата-энесинен эрте ажыраган 16 балага акчалай жардам беришти

Turmush -  Талас облусунун Манас районунда ата-энесинен эрте ажыраган 16 балага акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Манас районунун акими Бектеналы Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн ар бир районго 50 миң сомдон акча каражаты бөлүнүп берилген.

2

«Бөлүнгөн акча каражат Манас райондук мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчыларынын колдоосу менен райондогу ата-энесинен ажыраган балдардын ар бирине 3000 сомдон таратылып берилүүдө. Балдардын ден соолугу бекем болуп, ойлогон ой максаттарына жетишсин. Мындай иштер дагы улана берет», - деди ал.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×