Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 25.11.2018 18:49 На русском

Фото - Балыкчыда катуу шамал мамлекеттик мекемелердин чатырын учуруп, шаарды жарыксыз калтырды

Turmush -  Балыкчы шаарында түндө катуу шамалдан улам бир катар имараттардын чатырлары учуп, электр энергиясы бир сутка жок болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, шамалдын кесепетинен Ысык-Көл көчөсү менен С.Каралаев көчөсүнүн кесилишинде жанаша жайгашкан Балыкчы ШИИБдин жана коопсуздук бөлүмүнүн чатырлары учкан.

«Бул имараттардын чатырын жаңыга алмаштырганына жарым айдай эле болгон. Мындан сырткары Комсомол көчөсүндө жайгашкан банктын имаратынын да чатырын учурган. Мындай катуу шамал мындан көп жыл мурун болгон», - деп билдиришти тургундар.
Ал эми түндө өчүрүлгөн электр энергиясы бүгүн, 25-ноябрда түштөн кийин араң күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×