Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 26.11.2018 17:02

Жеңеке: Кара-бууралык Мунара жеңени таппай калган жолдошу кайын журтуна телефон чалып издөө салган (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Буура айылындагы 30 жаштагы Акматова Мунара жеңе жаңы турмушка чыкканда жолдошу таппай калып, кайын журтуна телефон чалып издөө салган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим. Жолдошу Нурлан Өзүбеков экөө 2013-жылы баш кошушкан.

«Мектепти аяктап, жогорку окуу жайда окуп калдым. Окууну бүтүп, иштеп жүргөн маалда айылга келмей болдум. Жаз айы болгондуктан талаа жумуштарына жардам берип жүрдүм. Бир күнү апам экөөбүз чарбакта жүгөрү тигип жатканбыз. Бир убакта апамды абысыны чакырып кетти. Көп өтпөй апам жаныма келип, «бир бала менен таанышып көрбөйсүңбү» деп калды. Мен апамдын сөзүн четке какпай макул болдум. Ошентип ошол күнү эле жолдошум менен тааныштым. Эртеси эле баш коштук. Ошентип 23 жашымда турмушка чыктым.

Бир күнү атам, апам болуп сериал көрүп отурганбыз. Бир убакта кино көрүп отурсак эжем чалып, «кайдасың, каякта жүрөсүң?» деди. Мен болсо «үйдө кино көрүп отурабыз» десем, «күйөөң сени издеп таппай жатыптыр, бизге чалып издөө жарыялады» десе болобу. Мен өзүбүздүн бөлмөбүзгө кирип, күйөөмө "эмне үчүн мени издеп жатасың?" десем, "сени кетип калды болуш керек деп ойлоп, эжеме чалгам" деди. Мен "кино көрүп отурганбыз" десем, "сени ал бөлмөгө уялып кирбейт деле болуш керек деп, ал бөлмөнү караган эмесмин" деди. Ошол күндү эстеп алып, күлүп калабыз (күлүп)», - деди ал.

Мунара жеңе мындан тышкары 1 кыз, 1 уулдун апасы экенин кошумчалады.

«3 жылча балалуу боло албай жүрдүк. Азыр баары өз ордунда, 1 кыз, 1 уулубуз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×