Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусу, Талас 28.11.2018 11:24

Таластагы 211 млн сомдук театрдын курулушу боюнча документтер прокуратурада текшерилип жатат

Turmush -  Таласта курулган Капар Медетбеков атындагы драма театрдын документтери прокуратурада экспертизадан өтүп жатат. Бул тууралуу Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Улан Нуралиев билдирди.

Анын айтымында, театрдын курулушу 2008-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган.

«Драма театр боюнча коррупциялык схемалар бар» деп бир катар массалык маалымат каражаттары жазып жатышат. «Курулуш иши кагаздар боюнча октябрь айында бүттү деп жазылып, иш февраль айына чейин жүргөн» деп жүрөт. Мен бул маалыматты четке кагам. Драма театрдын иши октябрь айында бүткөн. Андан кийин иш жүргөн жок. «Сахнасы дагы айланбайт» деп чыгышты. Ал сахна дагы айланат. Театрга керектүү учурда айлантып колдонушууда. «Жабдыктарды монтаждоо иштерине көп каражат кеткен» деп жатышты. 25 млн сом кеткен. Биз Россиянын фирмасы менен келишим түзүп, сапаттуу жабдыктар менен жабдыдык.

Драма театрдын иши 2008-жылы башталып, 10 жылга жакын курулду. Иштин бүтүшүнө ошол учурда маданият министри болуп турган Түгөлбай Казаковдун салымы чоң. Президентке кирип айтып, акча бөлдүргөн эле. Президент тарабынан 45 млн сом бөлүнгөндө, 1 ай мөөнөт берилген. 150 адам иштеп, 1,5 айда бүткөн. Жалпы курулуш иштерине 211 млн сом кетти.

Драма театрдын кагаздары жыл сайын эле текшерилип турду. Финансы полициясы тарабынан 2 жолу текшерилди. Арыздын негиздеринде УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматында, прокуратурада текшерилип жатты. Бүгүнкү күндө дагы Талас облустук прокуратурасында жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматында кагаздар экспертизадан өтүп жатат», - деди Нуралиев.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 18-октябрда Талас облусунда 2018-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отурум өткөн. Анда облус жетекчиси Марат Мураталиев К.Медетбеков атындагы драма театрдын курулушунда жемкорлук болгондугу жөнүндөгү сөздөр боюнча суроого берген.

Журналист: «Талас облусундагы К.Медетбеков атындагы драма театрын салууда жемкорчулук болгон» деп, ошол кезде сиз менен чогуу иштеген адам УКМКга кат жазган экен. Бул кишини тааныйсызбы? Коррупциялык схемалар болгонбу?

Марат Мураталиев: Ал бала менде юрист болуп иштеген. 3 ай сыноо мөөнөтүндө жүргөн. Бизден документтер чыга баштаганын байкадык. Иштен кетирген соң менин үстүмдөн ар нерселерди жазып баштады. Ал мурун түрмөдө отуруп чыккан. Драма театр боюнча тиешелүү органдар 3-4 жолу текшеришти.

Патриоттук сезим менен курулуш үчүн 10 жыл жүрдүк. Акыркы жолу Алмазбек Атамбаев тарабынан акча которулганда 40 күн ичинде күн-түн дебей 150 бала иштеп бүтүрдүк эле. Жакшы ишке эл кубанууда, ыраазычылыгын айтууда. Ошол жерде бир жемкорлук иш болсо кудай уруп кетет.

Театр курулуп жаткан учурдагы сүрөттөр

Тактама:

500 орунга ылайыкташтырылган Капар Медетбеков атындагы театрдын курулушу 2008-жылы жайында башталган. Курулуш иштеринин сметалык баасы 208 млн сомду түзгөн. 2016-жылы анын курулушуна республикалык бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөн. 2017-жылы негизги курулуш иштери аяктаган. Курулуш иштери толук аякташы үчүн 2017-жылдын сентябрь айында президент А.Атамбаев 45 млн сом бөлдүрүп берген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×