Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусу, Талас 28.11.2018 19:10

Айыл турмушу: Таластык С.Мамыров тойлордун «тартибин» сактап иштеп келе жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну Сүймөнкул Мамыров тойлорду башкарып, элге кызмат кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Сасык-Булак айылында төрөлгөн.

«Бала күнүмдөн эле ырга жакын болуп чоңойдум. Мектептеги өткөн сынактарга активдүү катышып, өз өнөрүмдү ачык көргөзө алчымын. Менден улуу Узак деген агам бар. Ал ошол учурда тамада эле. Аны ээрчип көп тойлорго барып, көп нерсени үйрөндүм.

Биринчи жолу кошуна аке там той бергенде тамада болдум. «Тоюңузду мен алып барып берейин» деп өзүм суранып алган элем. Тойго чейин даярданып, сөздөрдү жаттап, ырларды чогултуп, аябай аракет кылгам. Бирок той учурунда жаттаган сөздөрүмдү унутуп калып, кайра башынан кайталап чыккам. Ал кошунабыз тойдун эртеси үйүнө чакырып, ыразычылыгын билдирип, 500 сом берген. Тамадалыктан тапкан алгачкы эмгек акым ошол 500 сом болгон.

Азыркы учурда болсо Талас ичинде 8000 сомго чейин алып барам. Ал эми Бишкеке же башка облустарга 200 долларга барам. Быйыл Таразга, Астанага чакыруулар болду. Ал жактарда 300 доллардан жогору акы алам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле тойдо көп кызыктуу окуялар боло тургандыгын кошумчалады.

«Бир жолу стол тейлеген адам чайнек көтөрүп бара жатып кулаган болчу. Мен аны көрүп алып күлкүмдү тыя албай күлгөм. Элдин алдына келгенде дагы баягы кулаган адамды эстеп алып сөз кезегин бере албай аябай күлгөм.

Кээде үйлөнүп жаткан жубайлардын атын таппай калып, ата-энесинин атын айтып, «бактылуу болгула» деп каалоо айтып алган учурлар болот.

Бул өнөргө көп жаштар кызыгат, бирок аны алып кетүү кыйын. Мен дагы көптөн бери тамадачылыкка жөндөмдүү 2 баланы даярдап, үйрөттүп жүрдүм. Алар дагы чоң тойлорду алып барып калышты», - деди ал.

Сүймөнкул мырза 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×