Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусу, Талас 28.11.2018 16:07 На русском

Баштары, колдору жулунуп өлгөн 5 бала... Таарынган туугандар: А.Асанбеков 22 жылдан бери жол коопсуздугунун сакчысы (фото)

Turmush -  Талас районундагы Калба айылынын 45 жаштагы тургуну Ажыбек Асанбеков бир нече жылдан бери жол сакчысы катары иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Жол коопсуздугун камсыздап өткөн жылдар

Мектепти 1990-жылы аяктап, аскерде кызмат өтөп келгем. 1996-жылы милициянын орто мектебин аяктагам. Биринчи эле Талас районунда жол кайгуул кызматына ишке киргем. 2000-жылдан тарта 2009-жылга чейин Талас шаардык жол кайгуул кызматында командир болуп иштеп, 2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө иштеп келе жатам. Кенже тескөөчүмүн.

Мен жаңы иштеген учур менен салыштыра келгенде азыркы айдоочулардын сабаттуулугу начар. Жаштар көп айдашат. Мурда атайын окуу жайларды бүтүп, аябай кылдат айдашчу эле. Азыр унаанын саны дагы көп, эреже менен айдоо деңгээли да төмөн. Ага карабастан биз дагы такай өзүбүздүн иш-чараларыбызды жүргүзүп келебиз.

Башка жумуштагыдай биздин жумуштун дагы өзүнүн кыйынчылыгы бар. Эртеден кечке, кышы-жайы дебей жолдо турабыз. Бирок азыр 2000-жылдарга салыштырмалуу иштеген оңой. Жол белгилери толук чийилген. Ар бир айдоочунун тилин таап, иш алып барабыз. Талас шаарында борбордук көчөдө, эски аэропортто унаа жарыштар болуп кетет. Бири-бири менен жарышып, унаа менен айланышат. Кырсыктарды алдын алуу максатында барып токтотобуз.

Биз дагы жумушта өзүбүздүн сабаттуулугубузду жогорулатыш үчүн окуудан такай өтүп турабыз. Кырсык болбосо экен, айдоочулар сак жүрсө экен, кышкыга кам көрсө экен деп жакшы тилек менен жүрөбүз.

Баштары, кол-буттары жулунуп өлгөн 5 бала

Иш тажрыйбамда күбө болгон 5 жаш баланын өлүмү эсимден кетпейт. Талас—Тараз—Суусамыр жолунда бир кырсык болду. Түн жарымында жаш балдар унаа менен келе жатып, трактордун алдына кирип кетишиптир. Аябай катуу ылдамдык менен келе жатышып, караңгыда трактордун чиркегичинде чырагы жок болгондуктан көрбөй калышыптыр. Ичинде бешөө тең катуу жаракат алып, мерт кетишкен. Баштары, колдору жулунган абалда алып чыгышкан.

Бир жолу кызмат учурунда Ч.Айтматов көчөсүндө тургам. Бир келин чуркап келип жардам сурады. Сөзүнө караганда акчасы менен чөнтөк телефонун уурдап кетишкен экен. Мен ал келинди унаага салып алып, ал айткан адамдарды кууп жөнөдүк. Ал балдар жөө чурап бара жатышкан экен. Ошол жерден кылмыштын бетин ачып, ыкчам топту чакырдык. Тергөөчү аркылуу жардам сурап кайрылган келин буюмдарын кайтарып алган. Мындан башка дагы мал уурулуктун бетин ачкан учурлар көп болот.

Кармалып калган туугандар таарынып

Жумушка кирип жатканда эле туугандарыма «мен кыргыз эли үчүн иштөөгө ант бергем» деп айткам. Рейд учурунда өзүмдүн туугандарым да кармалып калат. Административдик айып жазам. Таарынгандары көп болот. Бирок кайра эле тойлордон, жакшылыктардан табышып алабыз. «Мага ишенбе, жай айдагыла, коопсуздугуңарды карагыла» деп көп эскертем.

Ажыбек мырза 1 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×