Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 29.11.2018 09:19

Айыл турмушу: Бакай-аталык К.Батырбекова айылда цех ачып, жасалган нандары Бишкекке чейин сатылууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылынын 52 жаштагы тургуну Кенже Батырбекова 6 жылдан бери нан бышыруучу цех иштетип, 20 кыз- келинди жумуш менен камсыз кылды. Аймактык кабарчы ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымыда, ушул эле айылда чоңойгон. Бала кезинен немис улутундагы кыздар менен чоңоюп, алар менен бирге таттууларды бышырган үйрөнгөн.

«Бул жумушта 2012-жылдан бери иштеп келем. Башында өзүм кичинеден баштагам. Иш башы оңой болгон жок. Канчалаган мээнеттин жана маңдай тердин арты менен турду. Түндө уктабай аз-аздан жасачумун. Кичинекей нан бышыргыч менен баштагам. Кийин чоң нан бышыргыч алдым. Ошентип жүрүп көбөйттүм. Элдин баары уктап жатканда жалгыз көз ирмебей түнү менен жасаган күндөрүм көп болду. Ушунун баары ак эмгегим менен куралды. Кудайга шүгүр, мээнетим кайтып жатат.

Башында 1 жумушчу келин менен баштаган болсом, азыр айылдаш 20 келинди жумуш орду менен камсыздап келем. Нан бышыруучу жабдыктардын дагы санын көбөйттүм. Жабдыктарды өзүм сатып алгам. Учурда нандардын түрлөрүн жасап келебиз. Айыл элинин суроо-талаптарына ылайыктуу нандарды бышырабыз. Буйрутмалар абдан көп келет. Нандардын дагы ассортиментин көбөйтүп жатам. Жумушчуларым кезектешип иштешет. Иштеп жаткан жумуштарынан тышкары үйлөрүнө күнүнө 3 нан алып кетишет. Чай, тамактарын ушул жерден ичишет. Күнүмкү жумуштун жыйынтыгына жараша күнүнө 1 жумушчуга орто эсеп менен 500 сомдон берилет. Жумуш ар кандай болуп калат. Сезон убагында андан көп сумма айланат. Жыйым-терим, тойдун убагында жакшы болот. 10 күн сайын маяналарын алып турушат.

Нандардын түрлөрүн бышыруудан башка дагы булочкалардын түрлөрүн жасап жатабыз. Аларды дүкөндөргө таратабыз. Бакай-Ата районуна караштуу бардык айылдарды нан менен камсыздайбыз. Тойлорго деп буйрутмаларды көп беришет. Пирамида жана башка нандардын түрлөрүнөн Бишкекке ресторандарга алып кетишет. Нандар жана булочкалар натуралдуу, химиялык кошулмаларсыз жасалат. Жумушубуз оор эле. Имараттын ысыгы болот, сезондордо жумушчу келиндер күн-түн дебей иштешет. Жакшы келиндер менен иш алып барам.

Илгери үйгө конок келип калса кошунанын үйүнө жүгүрүп барып «2 нан бере турчу, камыр көпсө бышырып берем» дечүбүз. Азыр эч ким бири-бирибизден сурабай калдык. Цехти баары билип калышты. Ушул жерге келип алып кетишет. Ундарды жогорку сорттогусунан алам. Башынан баштап бир жигит менен келишим түзгөм, ишенимдүү ундардан алып турам. Пирамида нандар 80-100 даанага чейин сатылат», - деди

Каарманыбыз буга катар эле 3 баланын апасы экендигин кошумчалады.

«Жолдошум менен 1 кыз жана 2 уулду тарбиялап чоңойтуп жатабыз. Улуу кызымдан кийинки балам студент. Ал Новосибирскде окуйт. Кийинки балабыз 6- класста билим алып жатат. Буйруса цехимди кеңейтип, жабдыктарды көбөйтүп эл кызматында болсом дейм», - деди Кенже айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×