Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуМанас району 29.11.2018 16:17 На русском

Жеңеке: Милиционерге турмушка чыккан Арууке Барпиева туулган күнүндөгү окуяны унутпайт (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Талас районунун Манас айылына келин болгон 27 жаштагы Арууке Барпиева. Ал туулган күнүндө болгон окуяны эч качан унутпайт.

Арууке жеңе Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында төрөлүп, мугалимдик кесипке ээ болгон. 18 жашыда жолдошу Сергек Жамангараевге турмушка чыккан, ал учурда милиция кызматкери.

«Жолдошум менен биздин айылга аймактык кызматкер болуп иштеп келгенде кошунамдын үйүнөн таанышып калганбыз. Ал эки айдай сүйүүсүн билдирип, мен окушум керек деп макул болбой койгом. Бирок Сергек окутам деп сөз берди. Экөөбүз 10 күн сүйлөшүп, 3 жолу жолуктук. Ал мага үйлөнүү сунушун киргизип, мен үйдөгүлөр менен кеңештим. Атам Сергекти абдан жакшы көрчү, унчукпай эле макул болду. Ал сөзүнө туруп, мени окутту», - деди ал.

Арууке жеңе туулган күнүндөгү окуя тууралуу айтып берди.

«Ал күнү жолдошумдун досунун да туулган күнү болчу. Аяштар менен чогуу тамактанууга бармай болдук. Мен кечке даярданып, кафеге бардык. Эки туулган күндү бир майрамдадык, саат 03:00 чамасы болуп калган. Тамактардын акчасын төлөп бүтүп, эшикке чыксам эч ким жок. Мени унутуп кетип калышыптыр. Телефон чалайын десем сумкамды кошо ала кетишиптир. Тамактануучу жайдагы эженин телефонун сурап, жолдошума чалсам өчүк экен. Арадан бир саат өтүп, уйкум келип, бир жагынан ыйлагым келип, жинденип отурсам жолдошум кайра келип алып кеткен. Көрсө ал мени аялдар отурган унаада келе жатат деп ойлоптур. Ошол күн эсимден кетпейт.

Жолдошум балдарды багууга жардам берет. Мен 4 баланы карап чарчап калганда тамакты өзү жасап берет. Палоону абдан жакшы басат. Бош убакта үй-бүлөмө көңүл буруп, балдарым менен чогуу сейилдейбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×