Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 29.11.2018 16:32

Таластагы депутаттар К.Жээнчороевдин «Чыңгыз Ордонун» курулушу боюнча айткан сөздөрүнө жооп беришин талап кылышты (фото)

Turmush -  Бүгүн 29-ноябрда Шекер айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өткөрүп, депутат Кубанычбек Жээнчороев элеттеги «Чыңгыз Ордо» комплексинин курулушу боюнча айткан сөздөрү үчүн жооп берүүсүн талап кылышты.

Шекер айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Канат Иманалиевдин айтымында, эстеликтин курулушуна эч кимдин каршылыгы жок.

«Кечээ бизде айылдык кеңеште жыйын болгон. Бишкек-АКИпресске биздин кошуна Аманбаев айыл аймагынын депутаты Кубанычбек Жээнчороев биздин айылда курулуп жаткан «Чыңгыз Ордо» жөнүндө көп нерсе айтыптыр. Биз абдан кыжалат болуп жатабыз. Ал киши биздин айылга келип көрүп койгон жери жок. «Туруп турган эстелике айыл аксакалдары нааразы болуп жатат» деп бериптир. Биз баарыбыз жыйында аны карап чыгып жактырганбыз. Эч кандай каршылык жок, биз депутаттар көзөмөлдөп жатабыз. Кайдагы документтерди алып алып чыкканына нааразыбыз», - деди ал.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Рүстөм Ишенкуловдун айтымында, К.Жээнчороев өзүнүн сөздөрүнө жооп бериши керек.

«Чынгыз атабыздын 90 жылдыгына карата акча бөлүнүп жакшы иштер жүрүп жатканда ушундай ызы-чуу жаратып, туура эмес маалыматтарды алып чыгып жатканы туура эмес. Атайы коммисия тобу тандаган нерсеге тиешеси жок бөлөк бир күчтөрдүн кийлигишип жатканы нааразы кылат. Бул маселени мамлекеттик органдар да туура карап териштирүүсү керек. Дүйнөнүн эли сыйлаган Айтматовго чыр чыгаруу туура эмес. Жыйында сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек», - деди ал.

Жергиликтүү кеңештин депутаты дагы Аманкул Сүйөркулов «бөлөк айылдын ишин маселе кылып көтөрүмүш этип, жалган маалымат таратып жатканына нааразы» экендиктерин айтты.

Айылдык аксакалдар кеңешинин төрагасы Сабыралы Жунусбековдун айтымында, алар Айтматовдун эстелгинин 2 долбоорунун бирөөсүн жактырышкан.

«Өткөндө айылда жыйын болгондо ушул маселе каралды эле да. Бул эстеликтин 2 түрү бар экен. Чыкеңдин (Ч.Айтматовдун) олтурганы жана туруп турганы. Биз баарыбыз туруп турганы көбүрөөк окшош болгондуктан ошону жактырдык элек. Анан ушул нерсеге кайдагы тиешеси жок күчтөр кийлигишүүсү... Эмне кызыкчылыгы бар? Биздин суранарыбыз ушул айылыбыздын аты булганбаса, курулуш иши тынчтык менен жүрө берсе. Маалымат жыйында сөзүн угуп алып, . бөлөк айылдын уулу биздин айылдын иштерине кийлигишкенине чычаладык», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Кара-Буура районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты Кубанычбек Жээнчороев «Чыңгыз Ордо» комплексинин курулушу эреже бузуулар менен жүрүп жаткандыгын айтып чыккан. Ал кемчиликтер Ч.Айтматовдун эстелигине байланыштуу экендигин билдирген. Долбоордо жазуучунун эстелиги отуруп турган абалда болсо, иш жүзүндө ал туруп турган абалда жасалмак болгон. Мунун менен атайын бөлүнгөн бюджеттик каражат бир топ кыскартылып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×