Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 30.11.2018 13:30

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык К.Байысов агайы намысына тийген сөздөрдү айткан соң бокс боюнча ийгиликтерди жарата баштады (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылынын 28 жаштагы тургуну Келдибек Байысов спортко кеч келгенине карабастан бокс жана эрежесиз эр таймаш боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы спортчудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча юрист. Учурда Талас районунда АРИСтин эксперти болуп иштейт.

«Спортко аябай кеч 20 жашымда келдим. Жакын туугандарым такай машыгып, мелдештерге чыгып жүрүшчү. Мен дагы бош убактым бар болгондуктан залга барып калдым. Биринчи барганда эле эмнеге келдим деп ойлодум. Биринчи машыгуудан соң бүт денем ооруганда мага ушу керекпи деп наалыган күндөр болгон. 2-3 жолу барган соң көзүмдү көгөртүп алдым да күзгүдөн өзүмдү карап болду деп барбай койгом.

1 жумадан соң түштөнүүгө кафеге кирип калдым. Ал жакта залга барган балдар, машыктыруучу Кадыров Акун агай олтуруптур. Акун агай мени көрүп эле «Айтпадым беле чыдабайсың деп. Башында эле келбей койбойт белең. Жигитчилик сөзгө тура албасаң сөз бербеш керек» деп көп сөздөрдү айтты. Чынында башында барганымда «баарын көтөрөм» деп сөз берип киргем. Азыр ойлосом агай менин намысыма тийип, келечегиме жол салган экен. Ошол эле күнү кечинде залга бардым. Ошондон кийин калтырган жокмун. Агайым «такай келсең залды 1 жыл бекер кылып берем» деди. Такай барып жүрүп, 1 жылдан соң Бишкекке бокс боюнча биринчи жолу беттешке бардым. Ал мелдеште атаандашымды утуп алып, бокс андан да жагып калды», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле мелдештерге 90 кг салмактагылар арасында чыга тургандыгын кошумчалады.

«Машыгуу күнүнө болот, 8 км чуркайбыз. Акыркы жылдары Таласта спортко көбүрөк маани берилип, шарттары менен спорт залдар салына баштады. Мурунку учурда зал болсо, жуунуучу жайы жок болот эле.

Учурда бокстан 15 медалым бар. Алардын ичинен 13 медалды 1-орундарды утканым үчүн алгам. Кыргызстандын бокс боюнча чемпионатында 3 жолу 1-орунду алдым. 2016-жылы жаз айында кик-бокс боюнча Ош шаарында өткөн мелдеште 2-орунду алдым. Таласта Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөн эрежесиз эр таймашта 1-орун алдым. Өзүмдүн салмагым 86 кг. Мелдештерге 90 кг салмакта чыккандыктан таразага түшөрдө шашпай тамак жеп анан барам», - деди ал.

Мушкер мырза мелдештерде эсинде калган учурду эскерди.

«Ошко кик-бокс боюнча мелдешке баргам. Мелдештерде таразага түшүрүп, анан чыга турган убакытты айтып коюшат. Машыктыруучум «Уктап турсаң болот. 1-2 саат калганда айтып коебуз, машыктыруучулардын бөлмөсүндө жат» деди. Ал жакка кирсем башкалар улам кирип чыга беришет экен. Башка бөлмөгө кирип уктап калыптырмын. Мелдеш алдында машыктыруучуларым издейт, такыр таппай коюшат. Телефонум унаада калып калган экен. Мен уктап калган бөлмө мага чыга турган атаандаш баланыкы экен. Атаандашымдын машыктыруучусу кол каптарын унутуп коюп ал жакка кирип калган экен. Мени ошол киши ойготуп, «Менин балама чыга турган сенсиңби? Оюнга аз калбадыбы, эмне уктап жатасың? деп ойготту. Мен туруп эле өзүмө келип, беттешке чыктым. Ошол агайга рахмат. Таймашта анын баласын жеңип алдым. Ал «сени бекер ойготуптурмун, келген жок деп койсок менин балам чыгып кетмек экен» деп күлгөн. Анан чыгып атаандашымдын машыктыруучусун кучактап ыраазычлыгымды айткам.

Эр уруш боюнча чет жактарга да мелдештерге чыгып жүрөм. Менин ийгиликтериме ата-энемдин салымы чоң. Моралдык, материалдык жактан колдогондор да ошол адамдар», - деди ал.

Мушкер жигит учурда бойдок. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×