Бакай-Атанын 2 айылына 7 млн сомго 2 «КамАЗ» алынды (фото)
Turmush - Бүгүн, 30-ноябрда Бакай-Ата районунун Боо-Терек жана Бакай-Ата айылдарынын жайыт комитеттерине техникалар келди. Бул тууралуу АРИС уюмунун Талас облусундагы өкүлү Эмил Сүйүтбеков билдирди.
«Бул «КамАЗдар» Бакай-Ата районунун Боо-Терек жана Бакай-Ата айылдарындагы жайыт комитеттерине келди. Алар жайлоого чабандарды көчүрүүгө каралган. Жүктөрүн, чөбүн ташуу, жол оңдоо иштерине колдонулат. Бул техникалар АРИС аркылуу келди. 2 «КамАЗ» бири-биринен прицепттери менен айрымаланып, бир «КамАЗдын» баасы 3 млн 720 миң сом, экинчиси 3 млн 300 миң сом болду», - деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком