Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 01.12.2018 19:20

Жеңеке: Таластык Уултай жеңе кайын энесинин көзүнчө чычырканактын арасына кирип алып, чыга албай ыйлаган (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жашаган 31 жаштагы Тургунова Уултай жеңе кош бойлуу кезинде чычырканактын арасына кирип кетип, чыга албай ыйлаган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Азамат Кашкороев экөө 2005-жылы баш кошкон.

«Жолдошум экөөбүз бир айылда, бир мектепке окуп чоңойгонбуз. Жолдошумдун үйүнүн бет маңдайында таятам жашачу. Кичинекей кезибизде таята, таенемдин үйүнө көп барчубуз. Азамат менден 2 жашка улуу болгондуктан чогуу ойноп, теңтуш болдук. Экөөбүздүн сезимдерибиз ошол эле убакта башталса керек. Ошентип ойноп жүрүп эле жакын мамиледе болуп кеткенбиз. Кийин экөөбүз 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Азыр ойлосом ошол кез балалык сүйүү экен (күлүп). Бири-бирибизди көргөндө уялып, окуучулар жабыштырып коюшса чычалап калар элек.

Мен 11-классты бүтөр мезгилде мага "үйлөнүшүм керек, үйдөгүлөр үйлөн деп жатат" деп калды. Мен каршы болдум. "Жок, мен окушум керек, азыр күйөөгө тийбейм" деп аябай каршы болдум. Тагдыр экен, акыры экөөбүз бир болдук. Канчалык окуйм, убакыт бар деген менен буйруп койсо айла жок экен.

Ошентип мен мектепти бүтүп эле келиндик кызматка аттандым. Үйдүн экинчи келини болуп кирдим. Жаңы келин болуп келгенде көнө албай, ыйлагым келип, кетким келе берчү. Чоочун үйгө келип аралашып кетүү кыйынга турат эмеспи. Акырындык менен баарына көндүм. Апам өтө ак көңүл адам. Бардык келиндерин бирдей көрөт. Колундагы келини болгондуктан мени көп жерден аяп турат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жаш келин кезиндеги окуяны эскерди.

«Бир күнү кайын энем экөөбүз козу карын тергени токойго барып калдык. Козу карындар чычырканактын арасында көп болгондуктан мен кызыгып, ичине чейин кирип кетиптирмин. Өзүм ай-күнүмө жетип, көз жарайын деп калган учурум болчу. Чычырканактын арасына кирип алып, кетер маалда чыга албай ыйлагам. Апам бир жагынан чыйпылыктайт, мен болсо "эми кантип чыгам?" деп ыйлайм. Акыры апам эптеп чыгарган (күлүп)», - деди Уултай жеңе.

Ал учурда 2 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×